Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек Мырза: “Таластыктарды “Алтын Альянс” компаниясы экиге бөлүү аракетин катуу жүргүзүүдө”

Айбек Мырза: “Таластыктарды “Алтын Альянс” компаниясы экиге бөлүү аракетин катуу жүргүзүүдө”

06-февраль, 13:59
870 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомдук ишмер Базарбай Мамбетов Жерүй боюнча “5 млрд. доллар бере турган кен 100 млн. долларга сатылып кетти” деп айтып чыкты. Кумтөрдөн кийинки эле чоң алтын кендердин бирине айланган Жерүйдөгү былык-чылык иштер, чала мыйзамдар жана адилетсиз үлүштөр тууралуу жарандык активист Айбек Мырза өзү жалгыз мойнуна көп ишти жүктөп, күрөш жүргүзүп келет. Талас жергесинде боло турган кереге кеңеш тууралуу айрым суроолорду узаттык.

-- Айбек мырза, “Жерүй Кумтөрдүн тагдырын кайталабаш керек”, “Жерүй кыргыз элинин пайдасына чечилсин!” деген бир нече лозунгдар менен Таласта коомчулук менен биргеликте кереге кеңеш өткөрүп жатасыңар. Эң негизги козголо турган маселелер кайсылар?

-- Эң негизи козголо турган маселе -- Жерүйдө 5 млрд. долларлык кен уюп жатат. Аталган байлык кыргыз мамлекетинин үлүшү болушу керек эле. А биз үлүшсүз калып отурабыз. Бул мыйзамды кабыл алгандардын баары качып же абакта отурушат. Жаңы бийлик Жерүй боюнча мыйзамды жаңылашы шарт. Биз мамлекетти колдоп жатабыз. Биздин мамлекет менен келишпей турган жерибиз жок. Кыргыз эли бир тарап жана Жерүйдү иштетип жаткан “Алтын Альянс” компаниясы бир тарап. Жеке компания 100% үлүштү алып кетпеш керек. “Таза болбосо 50%ы кыргыз мамлекетине калса” деп тыбырчылап жүрөбүз. Ал убакта А.Атамбаев, Ө.Бабанов, Б.Табалдиев, Д.Зилалиевдин айтканы айткан, дегени деген заман болчу. Эми жаңы бийлик ал каталарды оңдоого милдеттүү.

Мен билгенден, 2015-жылы өткөн Жерүй боюнча конкурска Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Тербишалиев, Райкан Төлөгөнөв, Талас районунун акими
 Райкан Өзүбеков кол коюшкан эмес. Кийин куугунтук болгон. Ошол конкурста коррупциянын элементтери болгон-болбогонун башкы прокуратура укуктук баа бериш керек!

Ушунун баарын иликтөө максатында мамлекеттик комиссия түзүү керек. ЖЭБ боюнча комиссия түзүлгөндөй, Жерүй боюнча дагы комиссия түзүлүп, баары иликтениши зарыл. 

-- Жергиликтүү бийлик силердин демилгеге тоскоолдук жараткан жокпу?

-- Талас облусунун губернатору Марат Мураталиев “Кереге кеңешке катышам. Силерди да угам. “Алянс Алтынды” да угам. Эки тараптын пикиринен соң жыйынтыктар болот” деген пикирин билдирди. Бул жерде биздин максатыбыз – коомчулукту ойготуу. Ар бир айылдын мыктылары чогулган жерде 14-январдагы резолюцияны тааныштыруу. 2020-жылдын 14-январында «Жерүй: көйгөйлөр жана чечүү жолдору» аталышындагы тегерек үстөл өтүп, ага көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, эксперттер, жарандык активисттер, Талас облусунун тургундары, кайдыгер эмес жарандар катышкан. «Кыргызалтын» ААКнын жетекчиси, КР өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы чакырылган, бирок келбей коюшту. Ошол кабыл алынган резолюцияны элге тааныштырабыз.  

-- “Алтын Альянс” тарабынан түрдүү провокациялар күтүлгөн жокпу?

-- Таластыктарды “Алтын Альянс” экиге бөлүү аракетин катуу жүргүзүп жатышат. Жамандашып, бир нерселерди чыгаруу менен алектенишүүдө. Аларды провокация кылбоого чакырам. Эгер ошондойго жол беришсе, мыйзам алдында жооп беришет. Бир нече массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү келип катышышат. 


 Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер