Чыңгыз Айтматов: “Тукем өз заманынын чыгаан ишмери эле”
Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, өз заманында коммунисттик партиянын жогорку эшелонунда болуп, эли-журтуна үлкөн кызмат кылып, коомдук пикирде кыргыз интеллигенциясынын алдыңкы катарына кирген Тургунбек Суванбердиевдин ушул жылы 100 жылдык юбилейи белгиленмек.
Тургунбек Суванбердиев 1925-жылы жарык дүйнөгө келип, алгач мектеп босогосун аттагандан эле идиректүүлүгү байкалып, он сегиз жаш курагында райком комсомолдо бөлүм башчы, анан тез эле “Кызыл Кыргызстан” гезитинде кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары кызматтарды аркалайт. Кийинчерээк “Ленинчил жаш” гезитинин редактору, Фрунзе обком комсомолунун биринчи катчысы, “Коммунист” журналында, Кыргызстан КП БКсында, “Советтик Кыргызстандын” редактору, басма сөз министри, 1966-жылдан өмүрүнүн аягына чейин кыргыз полиграфкомбинатынын директору болуп байсалдуу жолду басып өттү десек болот.
Тургунбек Суванбердиев мамлекеттик жана коомдук чыгаан инсан эле эмес, ал бараандуу котормочу да болгон. Анын котормосунда кыргыз окуучулары Мухтар Ауэзовдун “Абай жолу”, Дж.Риддин “Дүйнөнү дүңгүрөткөн он күнүн”, С.С.Штеменконун “Генштаб согуш жылдарындагысын”, ошондой эле Лениндин бир топ чыгармаларын, орус жана башка элдердин жазуучуларынын бир топ эмгектерин кыргызчага которуп, окуучуларга сунуш кылган.
Бирок, мен азыр Тургунбек Суванбердиевдин 100 жылдык маарекесинин астында анын коомдук, саясый, инсандык портретин эмес, кыргыз коомчулугуна анча белгилүү боло бербеген бир окуя тууралуу кеп козгойун деп турам. Мен муну Исхак Раззаков менен үзөңгүлөш жүргөн К.Качкеев, К.Кондучалова, Р.Менсеитова жана башка инсандардан жазып алгам.
Кыргыз эли 1961-жылдын 8-9-майында Кыргызстан КП пленумунда Исхак Раззаковдун иштен алынышын ачык күндөгү чагылгандай эле кабыл алышкан. Ошол кезде И.Раззаковдун аброю Кыргызстанда Сталиндикинен кем эмес эле, эми ошол кишинин ордуна Фрунзе шаарынын биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин бекитилиши көпчүлүктү канааттандыра бербеген. Ал кишинин сүйлөгөн сөздөрүн, жасаган докладдарын, баскан-турганын, иш стилин И.Раззаков менен салыштыра беришет, албетте, мында жаңы эле шайланган Усубалиевге утуш алып келбейт эле. Мына ушул кырдаалда Лениндик сыйлыкты алып, ташы өйдө кулап турган Чыңгыз Айтматовду Усубалиевдин ордуна алып келебиз деген план түзүлө баштайт. Булардын арасында Кондучалова баш болгон ири саясый ишмерлер болгонуна карабастан, бул топ “таластык топ” деген аталышта тарыхта калды. Анткени бул топтун негизги уюштуруучусу Тургунбек Суванбердиев болгон. Ушул кишинин Москвадагы жакын санаалаштары жана достору, “Известия” гезитинин баш редактору Аджубей баш болгон бир топ таасирдүү адамдар Ч.Айтматовду колдошкон. Кыргызстанда бийликти алмаштыруунун баардык быкы-чыкысына чейин ойлонуштуруп, пландаштырып коюшат. Ал эле эмес Хрущёвго кайсы күнү, саат канчада кабыл аларына чейин дайын болуп калганда, ушул топтун ичинен бирөөсү Усубалиевге акырын “шыбырап” коёт. Усубалиев бул кезде 1-2 жыл “биринчи” болуп, Москвадагы үлкөн чиновниктердин көбү менен (Титов, Суслов) жакындан тааанышып, өзүнүн эски досу Хрущёвдун сөздөрүн жазган жана редакциялаган Лебедев менен үй-бүлөлүк карым-катышта болуп калган. Айтмакчы, Усубалиев убагына ЦК КПССте Лебедевдин колунда 10 жыл иштеген. Лебедев бул кезде Хрущёвдун абройлуу кеңешчиси болуп, ал ар бир сөзүн Лебедевсиз сүйлөгөн эмес.
Ал эми Чыңгыз Айтматовду жактагандар Т.Суванбердиевдин эң жакын санаалаш достору Хрущёвдун күйөө баласы Аджубей да Хрущёвдун Америкага болгон визитин “Америка менен бетме-бет” деген китепти жазып, ал лениндик сыйлыкка көрсөтүлүп, арааны жүрүп турган. Андан башка Баку комиссарларынын бири С.Г.Шаумяндын баласы Л.С.Шаумян БСЭнин (Чоң Совет энциклопедиясы) башкы редактору жана ал аркылуу Хрущёвдун эң жакын адамы А.М.Микоян да болгон. Бирок, кантсе да Усубалиев булардан озунуп Хрущёвго кирип, кырдаалды өзү тарапка оодарып кеткен. Ошентип, “так талашуу” ийгиликсиз аяктаган.
Эми азыр бул окуядан жарым кылымдан ашуун убакыт өткөндөн кийин ой жүгүртүп, эгерде Чыке ошондо биринчи катчы болуп калса, Кыргызстандын соңку жаңы тарыхы кандай нукта кетет эле, болжош кыйын. Бирок бир нерсени так айтса болот, ал мезгилдин талабына ылайык Москваны гана карап туруш керек эле. “Улуттук кызыкчылыкты коргойм” деген И.Раззаков кандай тагдырга туштукту? Бул Чыкеге да чоң сабак болмок, же аброюна салып айрым улуттук маселелерди чечет беле, кийинки кайталангыс чыгармалары жаралат беле – азыр айтыш кыйын.
Усубалиев жогорку категориядагы бюрократ катары кийин Айтматовго эч бут тоскон жок. Анүстүнө Айтматов жергиликтүү орбитадан чыгып кеткен эле. Ал эми Кондучалова ж.б. куугунтукталган жок. Бирок бул топтун уюштуруучусу жана дем берүүчүсү Т.Суванбердиев иштен алынып, анын баардык өмүр баянын текшеришти. Ал гана эмес, “котормолоруна туура эмес гонорар алган” деп күнөө да коюшту. Кудай жалгап, ал гонорарды “Абайдын” автору М.Ауэзовго чыпчыргасын коротпой берген экен. Анын ыраазычылык каты да тиркелет. Аягында Т.Суванбердиев чоң саясаттан алыстап, жаңы курулган полиграфкомбинатты жетектеп, аны Орто Азиядагы ири ишканага айландырган. Т.Суванбердиев өзүнүн карандай эмгеги, түздүгү, адилеттүүлүгү менен кыргыз интеллигенциясынын арасында, саясый элита ичинде ортон колдой болуп көрүнүп турат эле. Усубалиев 1986-жылы жумуштан кеткенде Суванбердиевди чакырышып, “бул киши сени жумуштан алганы тууралуу жазып бериңиз” дешет. Анда Тургунбек Суванбердиев “мени азыр кайра министр кылсаңар да жазбайм, ал менин эски досум” деп чыгып кетиптир. Чыңгыз Айтматов Тургунбек Суванбердиевдин өмүрүнүн аягына чейин өтө жылуу мамиледе болуп, “Тукем өз заманынын чыгаан ишмери эле” деп баа берген.
Биз бул материалда көп кырдуу инсан Тургунбек Суванбердиевдин өмүрүнүн бир эле бүктөмүн чөп башылап эскерип өттүк. Анткени бул кишинин басып өткөн байсалдуу жолу, кыргыз улуту үчүн жасаган иштери жаштарга түбөлүк үлгү болмокчу.
"Азия Ньюс" гезити