Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Калпыс сынга калыс жооп

Калпыс сынга калыс жооп

04-март, 12:00
364 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Азия Ньюс” гезитинин 2023-жылдын 16-февралындагы санына жарык көргөн Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Ермекович Абдрахматовго карата айтылган сын-пикир негизсиз экенин билдиребиз. Гезиттин “жашыруун автору” экинчи жолу жаңы жетекчиликке негизсиз сын жазыптыр. 

Биринчиден, Канат Абдрахматов Кыргыз эл жазуучусу, академик Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун чыгармачылыгын жана инсандыгын терең урматтайт жана сыйлайт. Өзү да жаштайынан адабиятка жакын болуп, башкалардай эле Айтматовго таасирленип, аңгеме, повесттерди жазып келген калемгер. Экинчиден, жазуучунун эстелигин көчүрүү зарылдыктан улам келип чыккан. Себеби, академиянын короосундагы темир тосмолор алынып ташталгандан кийин четирээк турган эстеликке карата айрым тентектер тарабынан сыйлабастык, айрым жерлерине чиймелөө, сындыруу сыяктуу орой иштер орун ала баштаган. Ошондуктан, академиянын жетекчилиги тарабынан эстеликти сактап калуу камылгасы көрүлгөн. Үчүнчүдөн, жазуучунун эстелиги академиктер А.Акматалиев, М.Бегалиев, А.Жунушев, М.Кидибаев, С.Мусаев, А.Эркебаев ж.б. демилгеси, макулдугу жана колдоосу менен көчүрүлгөн. Бул көрүнүштү УИАнын жалпы кызматкерлери жана келип-кеткендер туура эле кабыл алып жатышат. Төртүнчүдөн, эстеликтин калган бөлүгүн кийинчерээк, күн жылыганда көчүрүү пландаштырылган. Бешинчиден, академик Чыңгыз Айтматовдун академиянын алдына көчүрүлүшү – академиянын ар бир кызматкерин “күтүп” алып, “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деп эскертип турат. Ал эми аталган гезиттеги макаланын түпкү максаты – Ч.Айтматов темасы эмес, жаңы шайланган президент К.Абдрахматовду жөн жерден негизсиз каралоо болуп саналат деп эсептейбиз. Мындай примитивдүү интригандык оюндар эч кимге пайда алып келбейт! Окуянын чоо-жайын тактабай, ойдон чыгарылып, бир жактуу гана жазылган маалымат экенин баса белгилейбиз. К.Абдрахматовдун КР УИАнын президенти болуп шайланганына эки эле ай болду, азыркы күндө академияда алгылыктуу иштер жүрүп жаткандыгын коомчулукка билдиребиз. ЖМКнын мыйзамына ылайык экинчи тараптын да бул пикирин гезит бетине жарыялап беришиңерди талап кылабыз. 


УИАнын басма сөз кызматы

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер