Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рекорд: 37 жаштагы эне 10 ымыркайды жарык дүйнөгө алып келди

Рекорд: 37 жаштагы эне 10 ымыркайды жарык дүйнөгө алып келди

09-июнь, 12:00
881 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түштүк Африка Республикасынын 37 жаштагы жараны Госиаме Тамара Ситхоле кечээ, 8-июнга караган түнү операция жолу менен 10 ымыркайды жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу Би-Би-Си басылмасы жазды.

Ситхоленин жолдошу Тебохо Цотеци билдиргендей, жубайы кош бойлуулуктун 29-жумасында төрөдү.

«7 уул жана 3 кыз төрөлдү. Жубайым кош бойлуулуктун 7-айынын 7-күнүндө төрөдү. Мен бактылуумун!» деди 10 эмдин атасы.

Жубайлар буга чейин 6 жаштагы эгиз балдарын тарбиялап келишкен. Ушул жылдын башында доктурлар Ситхолеге 6 эм күтүп жатканын айтышкан. Бирок Ситхоле анчейин ишенген эмес. Андан кийинки текшерүүдө доктурлар Ситхоленин курсагында 8 бала бар экенин билдиришкен.

«Мен ишенген эмесмин. Күмөн санап жаткам. Эгиздер же 3 эм болот деп күтүп жаткам. Сүрөттөрдү көрсөм дагы ишенүү кыйын болчу. Бирок убакыттын өтүшү менен чын экенин түшүнүп баштадым. Түнкүсүн уктай албай калгам» деди Ситхоле журналисттерге.

Медицина илимдеринин профессору Дини Мавела бул адаттан тыш окуя экенин белгиледи.

«Бул өтө оор, коркунучтуу абал. Себеби, эненин курсагында ымыркайларга орун жетишсиз болуп, балдар кичинекей болуп төрөлөт. Төрөт мөөнөтүнөн мурда башталат, себеби ымыркайлар курсакта көбүрөөк кармалып калса, алардын өмүрүнө коркунуч жаралат. Жыйынтыгында балдар ара төрөлөт, жашап кетүү мүмкүнчүлүгү аз болот» деди Мавела.

Анын айтымында, ымыркайлар бир нече ай инкубатордо болушат.

Ситхоле дүйнө жүзүндө бир учурда 10 ымыркай төрөп рекорд койду. Ага чейин ушул жылы май айында Мали мамлекетинин жараны Халима Сиссе 9 ымыркайды жарык дүйнөгө алып келип, рекорд койгон болчу.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер