Акыркы кабарлар
» Саясат » Дастан Бекешов: “Мекендештер кичине эле мыйзамды бузса “кара тизмеге” кирип калат экен”
Дастан Бекешов: “Мекендештер кичине эле мыйзамды бузса “кара тизмеге” кирип калат экен”
16-февраль, 18:27


Жогорку Кеңештин депутаттары Россияда жаңы мыйзамдын күчүнө кириши кыргызстандык мигранттарды бир топ түйшүккө салганын айтып чыгышты. Бул багытта өлкөнүн кызыкчылыгын коргобогону үчүн ЕАЭБде отурган кыргыз министрлерин сынга алышты.
Эл өкүлү Дастан Бекешов медициналык кароонун акысы 6000 миң сом болорун, текшерилүү үчүн миңдеген адам кезек күтүп отурганын билдирди.
"Квартал сайын медициналык кароодон өтүш керек экен. Урматтуу төрага, жакында Россияга иш сапарга бара жатасыз, ушул маселени көтөрсөңүз жакшы болот эле. Мамлекет башчы дагы Россиянын президентине кайрылып, ачык эле айтыш керек. Мигранттар таптакыр эле кетиш керекпи же кандай болот? Болбосо кош жарандуулук боюнча макулдашуу түзөлү. Азыр мекендештер кичине эле мыйзамды бузса “кара тизмеге” кирип калат экен” деди Бекешов.









