Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мээрим ДЕҢИЗБЕК кызы, ажарлоочу: “Келбетине кам көргөн айымдар көбөйө баштады”

Мээрим ДЕҢИЗБЕК кызы, ажарлоочу: “Келбетине кам көргөн айымдар көбөйө баштады”

30-ноябрь, 00:56
747 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Учурда сулуулук салондору абдан көп эмеспи, атаандашуу кандай?

-- Азыркы күндө эмне көп? Албетте, дарыкана, тойкана, дүкөндөр жана сулуулук салондор. Адамдарды сулуулап, ажарлоочу визажисттердин саны да арбып келатат. Кубандырганы: биздин сулуулук жаат өнүгүп жатканы, бирок, бир чети саны көп, сапаты жок дагы жагын карасак болот. Атаандаштык деле болбойт. Себеби, “ар бир соодагердин өзүнүн кардары бар” дегендей, менин өзүмдүн дайымкы кардарларым бар. Эгер адис өз ишин мыкты аткарса, кардарлары да качпайт. Ошондуктан атаандаштардан чочулабайм. Менин билишимче, Кыргызстандагы сулуулаган адистерди чет өлкөлүктөр абдан баалашат.

-- Сага кайрылган айымдардан эмне кемчилик байкайсың? Мисалы, алар сизге өздөрү боёнуп келишет да...

-- Бизге келген айымдар өздөрү үйүнөн жасаган макияжы менен келишет. Мен алардын өз алдынча боёнуп келгенин көргөндө, “бул жери туура эмес экен” деп айтуудан алысмын. “Алардын көңүлү ооруп калбасын” деп аяп, бирок акырын “мындай боёнсоңуз жарашат” деп көрсөтүп коём. Көбүнчө айымдар бетине тоналдык кремди туура эмес тандап алышат. Кургак, майлуу беттер бар. Аларга косметиканы туура тандаганга жардам беребиз. Андан тышкары, көзүн боёгон айымдар растушевка эмне экенин билишпейт. Үйдөн боёнгон айымдар көбүнчө беттеги тонго басым жасашат. Ал эми салондо болсо, көзгө жана кашка басым жасайбыз. Мени кубандырганы: учурда айымдар өздөрүнүн келбетине жакшы кам көрүп калышты. Чынында эле ден соолугунан дагы бетине кам көрүүнү биринчи орунга койгон кез келди окшойт. Себеби, айымдар ден соолугун ойлобой эле сырткы келбетине көбүрөөк маани бере баштады. Бул бир чети өкүнүчтүү, бир чети айымдар мурунку кезге караганда азыр өздөрүнүн бой келбетине караганы кубандырат. Бизге көбүнчө жаш кыздар жана элүү жашка чейинки эжелер келишет. Ал эми элүүдөн өтүп калгандар азыраак кайрылышат. 

-- Айымдарга кандай кеңеш бересиң?

-- Айымдар сулуу болушу үчүн биринчи ден соолугун караш керек. Сууну көп ичүүбүз зарыл. Бул ден соолукка да, биздин терибизге да пайдалуу. Бырыш кеч түшөт жана тери да нымдуулукту сактап турат. Адамдын салмагы канча болсо, ошону 20га бөлгөндө ошол чыккан суммадагыдай суу ичиш керек. Мисалы, мен 60 килограмм болсом, ошону 20га бөлгөндө 30 болот да, ошондо мен күнүнө 3 литр суу ичишим керек. Сууну да аз-аздан, туура ичүүнү үйрөнөлү. Туура тамактануу шарт. Бул да териге чоң таасир тийгизет. Эң негизгиси, позитивдүү маанай. Күлүп турган адамда бырыш аз болот. Байкасаңыз, кабагын бүркөп турган адамдарда көп бырыш болот. Мындай адамдардын чекесин жана эки көзүнүн ортосун бырыш көп басат. Ошондуктан күлүп-жайнап, позитивдүү болуу сулуулукка жардам берет. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер