Гүлзат Аалиева: «Шарабидин Токтосунов башында турган соттук коллегиянын тебелеп-тепсөө аракети»


Философия илимдеринин кандидаты, доцент, Манас таануучу менен маек.
-- Арыбаңыз, Гүлзат айым! Соттук иштериңиз эмне болуп жатканы тууралуу жалпы журтка кыскача маалымат берип коёсузбу?
-- Бар болуңуз! Мындан бир жыл мурда, тагыраак айтканда, 2022-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мени толук актаган. Бирок Биринчи Май райондук прокуратурасынын прокурору Тамара Тилекееванын даттануусу менен иш Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлүп, ал жерде «Манасыңдын бизге кереги жок» деген позицияны ээлеген Шарабидин Токтосунов башында турган соттук коллегия менен Гүлнара Эркинбаева аттуу прокурор менин ишимди жүрнарыга сала карап, «кыргыз болуу – кылмыш» дегенсип, 2023-жылдын 24-февралында мени 100 миң сом айып пулга жыккан.
-- Прокурор Тамара Тилекеева сиздин бир тууганыңыздын соттук процесстерине баштан-аяк катышканын билебиз. Ал сиздин процесстерге да баштан-аяк катыштыбы?
-- Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун имаратында өткөн менин соттук процесстерим 2021-жылдын 2-июлунан башталып, 2022-жылдын 24-ноябрына чейин созулду. Ушул убакыт бою менин процессимди прокурор Салтанат Бейшеева көзөмөлдөп келди. Бул мезгил аралыгында мен слайд түрүндө даярдалган презентацияларды сотко көрсөтүү аркылуу 15 жолу көрсөтмө бердим. Ар бир көрсөтмөнү бир сааттан берсем да, жалпы жонунан 15 саат көрсөтмө берилди. Бирок, соттук процесс акырына чыгаарда «ротация болду» деп прокурор Салтанат Бейшееваны менин ишимден четтетишип, анын ордуна прокурор Тамара Тилекееваны алып келишти. Ал болгону акыркы гана процесске катышты да, менин буга чейин берген көрсөтмөлөрүмдү уккан да жок, билген да жок.
Сот мени актагандан кийин прокурор Тамара Тилекеева шаардык сотко даттануу арызын жазып, ал жерде шаардык прокурор Гүлнара Эркинбаева «Коллегам, прокурор Тамара Тилекееванын даттануу арызын толук колдойм» деп Шарабидин Токтосунов башында турган соттук коллегиянын колу менен ысымдары аталган эки прокурор Манас таануучуну мамлекеттик машинага тебелеп-тепсетүү аракетин мыкты жасашты.
-- Прокурорлор Тамара Тилекеева менен Гүлнара Эркинбаева сиздин бир тууганыңыз, полковник Улан Аалиевди ак жеринен айыптоого колдорунан келишинче аракет кылганын ошол убакта элдик журналисттер катуу чагылдырып, коомчулукка алып чыгышты эле...
-- Ооба, дал ошондой болгон. Тилекке каршы, бир тууган Аалиевдер гана эмес, бир катар мекенчил жана улутман жарандар да прокурорлор Тамара Тилекеева менен Гүлнара Эркинбаеванын кылмыштуу буюртмаларды кынтыксыз аткаруусунун курмандыгына айланышты. Ошон үчүн кыргыз тилин, улуттук каада-салтты, нарк-насилди, «Манас» эпосун тебелеп-тепсөө аркылуу кылмыштуу буюртмаларды кынтыксыз аткаруунун чеберине айланган прокурорлор Тамара Тилекеева менен Гүлнара Эркинбаева Манас атабыз түптөгөн мамлекетте жооптуу кызматты аркалоого моралдык да, юридикалык да укугу жок деген пикирдемин.
-- Гүлзат айым, ата-бабабыздан мураска калган улуттук баалуулуктарды коргогон мекенчил жарандарды ким эмненин негизинде соттук куугунтукка алдырууда?
-- 2017-жылдан бери Турсунбай Бакир уулу башында турган радикалдуу диний агымдардын өкүлдөрүнүн арызы менен улуттук интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү, башкача айтканда, 20дан ашуун мекенчил жана улутман жарандар «дин, улут жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча соттук куугунтукка алынышты. Айтмакчы, сырткы геосаясый күчтөрдүн «этноцид» (улут курут) жана «лингвоцид» (тил курут) деп аталган кылмыштуу максатын атайылап көздөгөн бул берене Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган учурда Кылмыш-жаза кодексине киргизилген.
-- Бүгүнкү күндө УКМК жана анын төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан радикалдуу агымдарга каршы чечкиндүү күрөш башталбадыбы. Менимче, сиз жогоруда айткан 20дан ашуун мекенчил жана улутман жарандар дал ошолорго каршы болуп жүрүштү эле...
-- Туура айтасыз. Мындан 6-7 жыл мурда «Манас» эпосун келекелеп, Манас баатырды оозго алгыс ыплас сөздөр менен сөгүп, кырыз тили менен улуттук каада-салтты, нарк-насилди жерип, нечендеген кылымдарды карыткан кыргыз элине каршы «этноцид» (улут курут) жана «лингвоцид» (тил курут) деп аталган кылмыштуу идеологияны жүргүзүп жаткан радикалдуу динчилерге каршы биз активдүү күрөшө баштаганбыз. Ошентип, мындан 6-7 жыл мурда биз каккан коңгуроо кеч да болсо УКМКга жетип, Камчыбек Ташиев мырза кыргыздын уулу катары, радикалдуу агымдарга каршы мамлекеттик деңгээлде алгылыктуу күрөш жүргүзүп жатканы – улуттун жаркын келечегине болгон ишенимди арттырууда.
-- Соттук куугунтукка алынган 20дан ашуун мекенчил жана улутман жарандардын иштери кандай жыйынтыкталууда?
-- Алардын бир-экөө акталганы менен басымдуу көпчүлүгү Шарабидин Токтосунов, Тамара Тилекеева жана Гүлнара Эркинбаева сыяктуу сот-прокурорлордун «кыргызсыңбы, демек, кылмышкерсиң!» деген позицияларынан улам опокшош сценарий менен ар бири 100 миң сом айып пулга жыгылууда.
Жогоруда айтканымдай, мен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан акталдым, бирок Шарабидин Токтосунов башында турган шаардык соттогу коллегия менен шаардык прокурор Гүлнара Эркинбаева мамлекеттик машинаны кылмыштуу жол менен пайдаланып, «буту-колу кишенделе турсун» дештиби, же Манас атабызды ыплас тилде ашата сөккөн радикал динчилердин кылмыштуу, бирок акчалуу буюртмасын ашыра аткарыштыбы, айтор, 100 миң сом айып пулга жыгышкан.











