Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Быйыл төңкөрүш кылганга ИИМ, УКМК мүмкүнчүлүк бербейт”

“Быйыл төңкөрүш кылганга ИИМ, УКМК мүмкүнчүлүк бербейт”

26-июнь, 13:30
4 158 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өлкөдө саясый, экономикалык кырдаал ар тарабынан татаалдашып баратат. Күздө кайрадан төңкөрүшкө шарт түзүлбөйбү? Туруксуздукту божомолдогон эксперттер туура айтып жатышабы?

Абдисаит Каримбеков, экономика эксперти:

-- Төңкөрүш болгонго азырынча негиз жок. Анткени, азыркы кымбатчылык, саясый, экономикалык абалыбыз, баанын кымбаттаганы – бул пандемиянын жыйынтыгы, себептери. Ошондуктан корко турган маселе жок. Бирок, кандай болгон күндө да күтүлбөгөн оош-кыйыш жагдайлар жок эмес. Биринчи кезекте өкмөт азык-түлүк коопсуздугун, баалардын туруктуулугун, карапайым элдин капчыгын эске алуу менен иш алып барганы дурус. Мындан сырткары, учурда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жүрүп жатат. Андыктан мурдагы өткөн терс көрүнүштөрдөн сабак алып, “бул тиги жактын кишиси, ал биздин адам” дегенден алыс болуп, элдин, жалпы жарандарыбыздын өзүнө берсе – эл дайыма адилеттүү баасын берет эле. Орой айтканда, төңкөрүшкө жол берилмек эмес. Бүгүнкү күндөгү эң чоң маселе – ишенбөөчүлүк, кайдыгерлик болуп атат. Эртеңки күнгө эч ким жакшы нерсе менен үмүттөнбөй, дайыма сын-пикир, өзүбүздүн терс көз караштар менен эксперттик баа берип келебиз. Баары эле жаман эмес, жакшы жактарыбыз толтура. Оор кырдаалда жакшы гана жактарыбызды оозго алып, позитивдүү маанайды кармансак, баардык кыйынчылыктар артта калат.

Кубаныч Идинов, экономика эксперти:

-- Учурда социалдык абалдар оңолуу жолунда. Эл күткөн коррупционерлерди чекесинен камап атышат. Коомчулукка терс маалыматтарды таратып, уюштуруп, дүрбөлөңгө салып аткандар да ошолор. Өзгөчө “Республика” партиясы катуу кыйкырып атпайбы? Анткен менен аларды колдогондор деле жок. Ал эми быйыл төңкөрүш кылганга ИИМ, УКМК мүмкүнчүлүк бербейт. Мыйзамды бузгандарды карап отурбай, “шак” эле камайт. Бу жерде коррупционерлердин бирин калтырбай баарын отургузуп, Кумтөрдү тазалап, ошолорду мисал катары көргөзүп, “экинчи биздин мамлекетте мындай жат көрүнүш болбош керек!” деп акыркы чечим кабыл алганы кажет. Антип коррупциядан кутулбасак, эч качан оңолбойбуз. Коррупция – мамлекетти “жеп” коёт. Эми калган 100 тоннадай алтыныбызды алдырып ийбегенге аракет кылган оң. Коррупция жоголсо, экономикалык каатчылык жана төңкөрүш (!) деген неме болбойт. 

Кубан Чороев, экономика эксперти:

-- Өлкөдө экономикалык да, саясый да абал оор экенин элдин баары билет. Албетте, бийлик тарабынан, өкмөт тарабынан чоң өзгөрүүлөрдү, экономикалык реформаларды эл күтүп жатат. Себеби, шайлоолордо “өзгөрүүлөрдү жасайбыз” деген убадалар айтылган да. Бүгүнкү күндө бийликте чоң мүмкүнчүлүк бар. Негизги өзгөрүүлөр экономикада болушу керек. Ошонун арасында акча реформасы сыртта калбаган оң. Ушу кезде учу көрүнүп калса жакшы болмок. Кыйын абал түзүлүп турганда, ар кандай эксперттер тарабынан пессимисттик пикирлер көп болот. Бул убактылуу нерсе. Ушул бойдон тура бербейт, арты барып-барып оңолуу, өсүү жолуна багыт аларына ишеним зор. Ал эми биздин учурдагы бийлик жаралган кыйчалыш абалдан тез чыгып кетүү жолун таппаса, кийинки жылдары мындан да оорлоп кетишине шарт түзүп коёт. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер