Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азат Равшан: “Өкмөттүк партиялар административдик ресурска таянат”

Азат Равшан: “Өкмөттүк партиялар административдик ресурска таянат”

29-август, 12:25
736 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Шайлоого кызуу даярдыктар башталды. Алыста кандай өңүттө көрүнүп жатат, кандай парламент келчүдөй?

-- Шайлоолор чыныгы эл башкарууга жол ачат жана салымын кошот. Шайлоо убагында шайлоочулар эл өкүлдөрдү тандоого жана алардын кызматтарындагы натыйжалары үчүн отчет берүүгө мүмкүндүк берет. Андан тышкары, шайлоо процесси атаандаштыкты жаратып, талапкерлер жана партиялар өзүлөрүнүн саясый жолун, келечектеги ниеттерин ачыкка чыгарып мажбурланган учурда, шайлоо коомдук маселелерди талкуулоо үчүн форум болуп кызмат кылат, о.э. коомдук пикирди жаратат. Ошентип, шайлоо шайлоочуларга саясый билим берип жана өкмөттүн, элдин каалоосуна жооп беришин камсыз кылат.

“Кыргызстандагы парламенттик шайлоодо бир партия утуп кетет” деп алдын ала айтуу азыр кыйын, бирок менимче, чыныгы элдик партиялар менен бийликчил партиялардын ортосундагы айырманы баары жакшы билишет. Мен жеке жаран катары азырынча “Реформа”, “Бир Бол” жана “Ата Мекен” сыяктуу партияларды кылдат байкап турам, анткени алар өздөрүнүн баалуулуктарына ээ болуп, көз карандысыз партиялар катары алдыга жылышууда. Айрыкча “Реформа” партиясы  шайлоо үчүн аманат чогултуу менен таасирдүү кадамдарды жасоодо. Чыныгы демократиялык партияларды эл өзү, шайлоочулары каржылашы керек деп эсептейм. Ошондой партия кийин шайлоочулар үчүн иштейт. Чыныгы элдик партия ачык-айкын, баардык жарандар жана эл өкүлдөрү үчүн жашыруун болбошу керек. Партиянын ички баалуулуктары жана принциптери күчтүү, жеке ээлери же авторитардык лидерлери жок болушу шарт.

Өкмөттүк партиялардын административдик ресурсту колдонбосуна кепилдик жок. Административдик ресурстары жок таза шайлоодо жеңген партия келиши өтө маанилүү. Ар бирибиз кайсы бир партияны колдобосок да, жаран катары таза шайлоо үчүн күрөшүп, бекем турушубуз керек. Баарыбызды бириктирип турган нерсе азыр ушул.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер