Ибрагим Жунусов, экс-элчи: “Мен балдарыма “депутат же министр болгула” деп айтпайм”

-- Ибрагим мырза, Кыргызстанда капилеттен сөз тапкан, караңгыда көз тапкан, туура жолду көрсөтүп, калыстыкты туу туткан, элди, бийликтегилерди туура жолго үндөгөн аксакалдар барбы?
-- Өкүнүчтүүсү, акыркы мезгилде аксакалдар аксакалдай, акылмандар акылмандай боло алышпай, баардык катачылыкты, кемчиликти кетиришип, заманга шылтаганды адат кылып алышты. Чынында заманды эле күнөөлөй бербей, ар кимибиз өз жоопкерчилигибизди дагы сезишибиз керек. Кыргызстандын өнүгүшү бир эле бийликтеги жетекчилерге эмес, бизге дагы тийешелүү. Ар бирибиз мамлекеттин өсүп-өнүшүнө салымыбызды кошолу.
Биздин аксакалдар акыл айтып, бийликтегилерди туура жолго салмак тургай, тойлорго барганда батаны да жөндөп бере алышпайт. Алтургай бата менен тосттун айырмасын билишпейт. Байкасаңар, тойдо бата берген аксакалдардын көбү кадимкидей эле тост айтып туруп, “алып коёлу” деген жерге “оомийин, аллаху акбар” деп коюшат. Чындыгында бул жакшы көрүнүш эмес. Анан жаштар не болушат? Санаркайм. Калыстыкты туу туткан, кеби менен башкаларды туура жолго салган адамдарыбыз барган сайын азаюуда.
Эски кинолордун биринде даанышмандын “замандын үч түрү болот” деп айтканы бар эле. Биринчиси – бөрүлөр заманы. Экинчиси – түлкүлөр заманы. Үчүнчүсү – бакыт заманы. Ата-бабаларыбыз Кыргызстанды түзгөн, мамлекетти курган, улутту улут кылган мезгил “бөрүлөр заманына таандык” дешет. Кинодогу кеменгер аксакал азыркы заманды “түлкүлөр заманына” байланыштырып, “балдарыбыз бакыт заманында жашаса экен” деп тилек кылат. Биздин муун “бакыт заманында” жашаш үчүн аксакалдарыбыз калыстыктан тайбай, кадырын кетирбей, баркын жоготпой, кеменгерлигин көрсөтүп, кандай жагдай, оор кырдаал болбосун жол башташы абзел. Тилекке каршы, мындай улуу адамдар жоголуп баратат.
--Баса, жергиликтүү кеңештердин шайлоосу жакындап калды. Айрымдар партиялардын тизмесин көрүп, баягылардын эле кыздары, балдары шайлоого аттанып жатышканын айтышууда. Эл өкүлү болуу атадан балага, чоң атадан небереге өтүп жаткан жокпу?
-- Конституцияда “ар бир адам шайлоого жана шайланууга укуктуу” деп жазылып турат. Аны тандай турган шайлоочулар да. Эгерде чындап эле атасы, апасы же агасы депутат кезинде начар иштеп, элдин кызыкчылыгын коргобогон болсо, анын балдары же туугандары шайланбаганы туура. Бирок, депутаттын милдетин, аткарчу кызматын жакшы түшүнүп, түзүк иштеген депутаттардын баласы, иниси, тууганы шайлоого катышып, жеңишке жетсе, алар алгылыктуу иштеши мүмкүн. Эгерде мурун жооптуу кызматтарды аркалап, Жогорку Кеңеште депутат же министр катары ар кандай иштерге аралашып, мамлекеттин мүлкүн тоногон болсо, андайларга кандайдыр бир жаңы мыйзам кабыл алып, шайлоого катыштырбай койсо жарашат.
-- Сиз да балдарыңызга “бийликке умтул, депутат бол” деген сунуштарды бересизби?
-- Кимдер балдарын “депутат бол же андан да жооптуу кызматтарга бар” деп шыктандырарын билбейм. Мен балдарыма “депутат же министр болгула, бийликке умтулгула” деп эч качан айткан эмесмин. Балдарыма “эң негизгиси, адамдык сапатты жогору койгула, жакшы үй-бүлө күткүлө, бири-бириңердин кадырыңарга жеткиле” деп айтам.
"Азия Ньюс" гезити