Жеңемдин мурунку махабаты жүрөгүмдү оорутууда


Тойго барып, ойдо жок жерден жеңем байкемден жашырынып мурунку жигити менен сүйлөшүп жатканын билип калдым. Ошол баланын эжеси менен бир столдо отуруп, сөздөн сөз чыгып, жеңемди таанырын айтып калды. Бир кезде “сыртка чыгып келеличи, сөз бар” деди. Эшикке чыксак, телефон берди «инимдин телефону, окуп көр, анан сүйлөшөлү» деп. Инисине жеңем жазган экен.
“Мен үйлөндүм, сенин да үй-бүлөң бар, жазба” десе болбой жаза берген экен. Окуп бүтүп, шок болуп калдым. Тиги эже “мындай нерсени токтотушубуз керек, инимдин арам жолдо жүргөнүн каалабайм” деди.
Үч күндөн бери ойлонуп жатып, башым ооруду. Жеңемдин ар бир жазган сөздөрүн эстеп алып, байкеме айтып салгым келип жатат. Бирок үй-бүлөнүн бузулушуна себепчи болуп калгым келбейт. Эки баласы бар, кичүүсүнө алты ай эле болду. Жеңем экөөбүздүн да мамилебиз жакшы. Эмне кыларымды билбей жатам.











