“Кийинки шайлоодо Сүмбүл жана Гүл агага окшогондор депутат болуп келишет”

-- Парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүшү мүмкүнбү?
Төлөгөн Келдибаев, серепчи:
-- Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, 30 округдан шайланып келген 90 депутаттын арасында жаңы жүздөр, билимдүүлөр болот, бирок демократ, адилет, тайманбаган, калыс сүйлөгөн депуттар келиши күмөн.
Жаңы келе турган Жогорку Кеңештин курамына депутат катары көпчүлүгү түрктөрдүн тарыхый окуялардын негизинде тартылган “Даңазалуу доор” көркөм тасмасын эске салууда. Каймана иретинде айтканда, султан Сулаймандын үй-бүлөсүнө, гареминдеги кыздарга тамак-аш, кийим-кече, башка муктаждыктарын карап кызмат кылган Сүмбүл жана Гүл агага окшогондор депутат болуп келишет.
Шайлообек Атазов, экс-депутат:
-- Жогорку Кеңешке шайлоо мыйзам чегинде өтөт. Жаңы жүздөр, дасыккан билимдүү кадрлардын парламентке келиши элдин тандоосуна байланыштуу болот.
Бейшенбек Абдразаков, коомдук ишмер:
-- Мурдагыдай добуш сатып алууларды токтотсо, шайлоочулар маданиятын жогорлатса, билимдүү, элин-жерин сүйгөн мекенчилдерди шайласа болот. Баардыгы шайлоочулардын колунда. Ар ким өзгөрүүнү өзүнөн башташы керек. Революцияны Акүйдө эмес, аң-сезимде кылыш керек.
30 жылдык тарых сабак болуп, шайлоочулар 180 градуска өзгөрсө, өлкө өнүгөт, өсөт. Баарынын кулагына алтын сырга: эгер эл добушун сатса, ошого жараша депутатты шайлайт. “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деп Исхак Раззаков айткандай, баарыбыз үлгү көрсөтөлү! Өзгөрүүнү өзүңдөн башта, добушуңду сатпа!
"Азия Ньюс" гезити