Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Надира Нарматова, ЖК депутаты: “Элди тескери жакка үндөп, башка өлкөнүн саясатын жүргүзгөндөр – мамлекеттик чыккынчылар!”

Надира Нарматова, ЖК депутаты: “Элди тескери жакка үндөп, башка өлкөнүн саясатын жүргүзгөндөр – мамлекеттик чыккынчылар!”

07-ноябрь, 19:30
390 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Надира Азимовна, сиздер демилгелеген “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр биринчи окуудан колдоого алынды. Мындай өзгөртүүлөр кандай зарылчылыктардан улам киргизилип жатат?

-- Бүгүнкү күндө өлкөбүздө коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө 1999-жылы кабыл алынган мыйзам иштеп жатат. Андан бери 30 жылга жакын убакыт өттү. Мамлекетибиздеги өсүп-өнүгүүгө, ааламдаштырууга, коомдогу жарандык активисттердин, коммерциялык эмес уюмдардын иш-аракеттериндеги өзгөрүүлөргө жараша биздин мамлекетте бүгүнкү күндө иштеп жаткан мыйзам толук кандуу көзөмөлгө алганга жооп бербей, коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизүү муктаждыгы жаралгандыктан, биз 2013-жылы бешинчи чакырыштын депутаты болуп турган мезгилде Турсунбай Бакир уулу, Мурадил Мадеминов жана мен болуп, Конституциянын талаптарына каршы келбей турган атайын мыйзамдын долбоорун иштеп чыкканбыз. Биз туура эмес көз караштарды киргизип, кысым көрсөтүп, сырттан каржыланган бейөмкөт уюмдарга тыюу салган, адам укугуна, сөз эркиндигине басым жасаган жерибиз жок. Эң негизгиси, Кыргыз Республикасынын Конституциясына дал келет. Анын өзгөчөлүгү эмнеде? Бүгүнкү күндө иштеп жаткан коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзамда “сырттан каржыланган чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар” деген термин жок. Өзүңүздөр билесиздер, отуз жылдан бери мамлекеттик идеологиядагы бош калган вакуумду сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдар, эл аралык уюмдар, диний агымдар ээлеп алып, элибиздин нарк-насилине, улуттук баалуулуктарына таасир этип, башаламандыкка дуушар кылып коюп жатат. Эки-үч жолу революция болуп кетти. Идеология бир багытта жүрбөгөндүгүнүн натыйжасында бийлик менен элдин ортосундагы көз караштардын ажырымынын пайда болуп калгандыгы да Батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдар тараткан идеялардын натыйжасы болуп жатат да. Ошондуктан, биз бул мыйзамдын долбооруна “чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдар” деген терминди киргиздик. Мыйзамдын 2-беренесине киргизип, алар кимдер, кандай учурда чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм болуп эсептелерин, кайсы учурда эсептелбесин так көрсөтүп, ачып бердик. 17-беренеде алар кандай тартипте жумуш жасары, сырттан алып келген каражаттарын каякка жумшары боюнча корголо тургандай кылып, тескерисинче, биз буларга шарт түзүп берип атабыз. Эмне менен шугулданып атканын эл көрсүн, коомчулук билсин. Булар аны түшүнүшпөй эле башка багытка буруп, “30 жылдан бери жасап жүргөн карөзгөйлүк билинип, купуя каражаттары ачыкка чыгып калат” деп нааразычылык билдирип жатышат.

-- Ошондо биздин фискалдык органдар аларды текшере алабы?

-- Салык кодесинин 213-беренесиндеги “гранттык уюмдар, коомдук бирикмелер, кайрымдуулук фонддору салык төлөбөйт” деген беренеге таянып алып, булар салыкты нөл кылып эле тапшырып жүрүшөт. Бул туура эмес. Себеби, түрдүү фонддордон миллиондогон евро, доллар акчалар келет буларга. Келген каражаттарды көз карандысыз аудиттер бир жылда бир жолу текшерип, отчетун салык инспекциясына так көрсөтсө, ошондо булардын жашырган каражаттары, жанагындай адамдарды козутуучу, митинг-акцияларды уюштуруучу, улуттук баалуулуктарга каршы жасаган аракеттерге жумшалган каражаттары ачыкка чыгат. Биз “улуттук коопсуздук үчүн, улуттук баалуулуктардын сакталышына көзөмөл салыш үчүн келген каражаттар сөзсүз аудиттик текшерүүдөн өтсө” деген гана талапты коюп жатабыз.

-- Алардын чет өлкөлүк өкүл экенин ким аныктайт жана аларга кандай жаза каралган?

-- Кылмыш-жаза кодексинде биздин мамлекеттин ички саясатына аралашып, бийликке каршы, элди козутуу багытында жасаган аракеттери, сырттан алып келген акчаларын мамлекеттик кызыкчылыкка каршы жумшаган фактылар ашкереленген болсо, “чет өлкөлүк агент”, же “өкүл” деген наамды берүү – бул соттун чечими менен аныкталат. Булардын айтып аткандары туура эмес. Каттоодон өткөндүн баары эле чет элдик өкүл болуп эсептелбейт. Бул мыйзам 99 пайыз коммерциялык эмес уюмдарга иштебейт. Бир пайыз гана козутуучу аракеттерди жасаган, туура эмес көз караштагы бейөкмөт уюмдар бар. Аларды аныкташ үчүн мыйзам чегиндеги аракеттер жүргүзүлөт, сот аркылуу аныкталат. Анан ошондо аларга жоопкерчилик белгиленет. Мамлекеттин чыккынчылары, мамлекетке каршы саясат жүргүзгөндөр аныкталат бул жерде. Элди башка жакка үндөп, башка өлкөнүн саясатын жүргүзгөндөр – мамлекеттик чыккынчылыкка барабар. Ошон үчүн биз жазаны 5 жылдан 10 жылга чейин коюп жатабыз. “Мөөнөт көп, адам өлтүргөнгө барабар болуп калыптыр” деп атышпайбы. Бул мыйзам деле мамлекеттин коопсуздугу үчүн кабыл алынып жатат. Мамлекеттин келечеги үчүн керек бул мыйзам. Экинчи окуудан балким, сунуштар түшсө, 5 жылдан 10 жылга чейин деген мөөнөттү биз азайтышыбыз мүмкүн. Бул болгону долбоор. Депутаттар сунуш берсе, жаза мөөнөтү өзгөрүп, 10 жыл жети жылга, 5 жыл үч жылга түшүшү мүмкүн. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер