Сокенин “сокур саясаты” Жапаров менен Ташиевге кедергисин тийгизеби?

Үчүнчү элдик революцияда айдалып чыккан Сооронбай Жээнбековдун ашынган динчилдигин эске алган конституциялык кеңештин мүчөлөрү “Дин бирикмелери бийлик органдарына кийлигишүүгө тыюу салынат” деп туура чечим чыгарышкан. Күндө беш маал намазын окуган Сокенин молдокелери Акүйгө батпай кетишип, аягында миллиондорду чачып ийишкен молдолордун чыры башталды. Алардын чырын териштирип жүргөн жаңы президент Садыр Жапаров өзү да беш маал намаз окуган ыймандуу адам болгондуктан, ага карата сын-пикирлер айтылууда.
Светтик Кыргызстанда жашаган “каапырлардын” айтымында, бүтүндөй бир мамлекетти башкарган президент атеист болуп, күндө беш маал намаз окуп убакытты кетиргенден көрө, күндө беш маал гезит окуп, айтылган көйгөйлөрдү чечип турса көп иш аткармак экен.
Чынында эле Сокенин убагында миңдеген кайрылуулар болуп, арбын көйгөйлөр айтылганы менен жыйынтыгы нөл болуп чыккан. Көрсө, күндө беш маал намазын окуп, оңкочук-тоңкочук ата берген Соке өзүнчө, мамлекет өзүнчө болуп калыптыр. Президент бар, бирок жок болгонунан пайдаланган шылуундар кыргыз мамлекетин каалагандай калчап отурушуп, акыры айдалып чыгышты. Бирок Кыргызстанды жок болуу абалына алып келишкен “өзүм билемдерге” укуктук баа берилбей, жарым жылдан бери чара көрүлбөгөнү кандай? Же “мурунку көч кайда барса, кийинки көч ошол жакка барат” болуп жүрө беришеби?
Бүгүнкү бийликке карата өз оюн айткан саясат таануучу Марат Казакбаев дароо камакка алынса, үч жылдан бери коррупция менен мафияны “гүлдөтүп”, кыргыз мамлекетин жок болуу абалына алып келген Сокеге, анын айланасындагыларга аяр мамиле кылышууда. Бирок, 25 жылдан бери досу болуп жүргөн экс-президент Алмазбек Атамбаевди сатып кеткен адам Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди сатып кетпесине ким кепилдик бере алат?
Сокенин айланасындагы коррупциялык жана мафиялык системасы, бир тууган иниси көзөмөлдөп турган “чимкирик” парламенти, өзүнүн ишеничтүү молдокелери биригишип, мурдагы майталкан жашоосуна кайтып келүүнү көздөп жатышканы баарына белгилүү. Азырынча жергиликтүү кеңештерге болгон майда шайлоолорго катышпай, парламенттик шайлоодо өздөрүн көрсөтүшөт.
Сокенин тарапташтары кандай позицияда турарын С.Жапаров менен К.Ташиев А.Атамбаев сыяктуу кеч түшүнүп калуулары мүмкүн. Анткени, бүгүнкү бийликке жакшылык каалабаган Сокенин “союздашы” катары Роза Отунбаева кошулуп, проамерикалык саясатчыларга таянышат. Сокенин ким экенин түшүнө алган Россия президенти В.В.Путин болду. Германиянын канцлери А.Меркель менен жолугуп, анын алдында “у нас парламентаризм!” деп отчёт берип турган кыргыз президентинен түңүлгөн В.В.Путин Кыргызстанга деген 6,2 миллиард доллар инвестициясын токтотууга аргасыз болгон. ОДКБ, ШОСтун жыйындарында “чужой среди своих” болуп өзгөчөлөнүп турса, ал эми НАТОнун мүчөсү болгон Араб өлкөлөрү менен чер жазыша баарлашып жыргап жүрсө, геосаясаттан таптакыр түшүнүгү жок адам экени билинди. Баарын алдын ала билген Кытай өлкөсү да 7 миллиард доллар инвестициясын токтотту. Коррупция менен мафияны “гүлдөтүп”, инвесторлорду баса калышып, баарын качырышты. Сокенин “сокур саясаты” бүгүнкү оор абалга алып келсе, калган былыктарын парламенттик шайлоодо көрсөткөнү турушат.
Мурда экс-президент А.Атамбаевдин артында жүрө беришип бийликке жеткен шылуундар алдап алуу, сатып алуу, күчкө салуу ыкмаларын мыкты өздөштүргөн. Мисал катары айтсак, бийликке жетери менен бийликке алып келген А.Атамбаевди түрмөгө камап, кыргыз мамлекетин талап-тоноп, уурдап, нааразы болгон Кой-Таш элине күч колдонгон Орозбек Опумбаев менен Кашкар Жунушалиев эки буттуу карышкырларга айланышып, Кой-Таш элин койдой чачыратып, акырында алданган элди сатып алып парламентке келишти го?! Мындай мамлекеттик деңгээлдеги кылмышкерлердин бирөөсүнүн бир тал чачы түшпөй, кайрадан бийликке жутунуп жатышканы даана келесоолук. Ошондуктан кыргыз эли арыдан бери болуп, катачылыктарга жол бербешибиз керек.
Кыргыз мамлекетин калыбына келтирип жаткан президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ар бир кыргыз жардам бериши керек. Президент Садыр Жапаровдун татыктуу адам экенин түшүнгөн Россия, Казакстан, Өзбекстан бир туугандык жана достук мамилелерин калыбына келтиришти. Дагы айта кетчү нерсе, президенттин айланасындагы “умниктер” кай жагы менен ой жүгүртөрү белгисиз.
Көп жылдан бери чыр чыгарып келаткан тажик тарап менен жакшы мамиледе болуш үчүн баарына макул болуп, тыйып койсо тыйылып калып, каалаганын берип отурсак кыргыз жери кемий берип “карлик” өлкөгө айланабыз. Мунун баарын көрүп, билип, түшүнүп турган УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанды коргоп жаткан кыргыз элинин баатыры болуп эсептелет.
Зарлык Дыйканбаев
"Азия Ньюс" гезити