Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канзада Сманова: “Тюменде жарымынан көбү Россия жарандыгын алышкан эмгек мигранттары иштешет”

Канзада Сманова: “Тюменде жарымынан көбү Россия жарандыгын алышкан эмгек мигранттары иштешет”

26-апрель, 04:37
622 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тюмень шаарындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси менен маек.

Россияда жыйырма жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип келем. Мекендештеримдин ийгилигине кубанып, жаман көрүнүштөр жүрөк оорутуп, ар убак “мекен, мекендешим, Ата журт” деген ыйык мекенчилдик сезим тынчтык бербей келет. Менин кесибим ушундай. Бир шаардан бир шаарга командировкага аттанмай. Россиянын ондогон шаарлары мени дайым күтүп турат. Бул жолу Тюмень шаарына командировкалап барып, көчөдөн кыргыздар менен таанышып, алардан бүгүн кыргыздар уюштурган "Сармерден" концерти болорун билип, кечинде Тюмень шаарындагы “Строитель” маданий үйүнө бардым. Кыргыздын ырлары, күүлөрү жаңырып, макал-лакаптары, жаңылмачтары айтылып, “Сармерден” оюну шаңдуу өттү. Сармерденди көрүп, мекениме баргандай кубанып, кыргыз ырларын моокумум кана угуп, черим жазылды. Зал толо келген кыргыздарды көрүп, алардын ынтымагына, жашоосуна кызыгып, алар менен баарлашкым келди. Россияда жүз миңдеген мекендештер орун алып, өз өлкөсүн көрө да элек муундар жетилип келет. Алардын келечегин ойлоп, мындай иш-чараларды жандандырган, уюштурган, Тюмень шаарындагы кыргыз диаспора жетекчиси Канзада Нурмамбетовна эже менен таанышып, маектешип, Тюмень шаарындагы кыргыздардын жашоосунан кабардар болуп, көп иштерге күбө болдум.

-- Сонун иш-чаранын үстүнөн чыктым. Азаматсыздар! Тюмень шаарында канча мекендештерибиз орун-очок алышкан? Сиздер кандай иш алып барасыздар?

--Тюменде он миңдей кыргыз жашайт. Эгер облус менен алып караганда 40 миңден көбүрөөк. Жарымынан көбү Россия жарандыгын алышкан эмгек мигранттары. 2-3 миңдейи туруктуу иштесе, 2-3 миңдейи жазда келип, күздө кеткен мекендештер. Көбүнчө улуурак муундагылар сезондо иштеп, кайра кетишет. Тюменде 150дөн ашык улут жашайт. Улуттар аралык комитет түзүлгөн. Биз ошол комитетке 2009-жылдан бери эле мүчөбүз. Көп иш-чараларды алып барабыз. Ар бир улут өздөрүнүн Нооруз, Курман айт, Орозо айт сыяктуу улуттук майрамдарын өткөрүп турушат. Биримдик күнү, энелер майрамы, тил майрамдары да белгиленет. Тюменде 3 спорт комитети иштейт. Мекенчил спорт чеберлери Нияз, Өмүрбек, Эсен, Ислам деген жигиттерибиз өзүбүздүн жаштарды тарбиялап, өнөр үйрөтөт. Кыргыз күрөш боюнча мелдештер да өтүп турат. Бокс менен машыккан балдарды Кудрет Казаков деген жигит жетектейт. Кыздардын 3 бий тобу бар. Кыргыздардын “Ак шоола”, “Жетиген”, “Байчечекей” деген бий топторун сыймыктануу менен белгилеп айтсак болот. Мисалы, “Ак шоола” 2009-жылдары эле түзүлүп, канчалаган карлыгачтарын учурду. 

-- Бул жакта мекендештер кандай кесиптерди аркалайт?

-- Кыргыздар көбүнчө тейлөө жумуштарында, жигиттер курулушта жана тамак-аш жасоочу жайларда эмгектенишет. Көк тиреген имараттарды биздин жигиттердин эмгеги деп сыймыктануу менен карап өтөм. Тюменде баш-аягы 17 коом бар. Ар бир региондо жердештик коомдор түзүлгөн. Кээ бирлери облустар боюнча бириккен. Айрымдары район боюнча түзүлүшкөн. Жамандык-жакшылыкта ошол коомдор активдүү иш алып барышат. Акыркы эки жыл аралыгында көп адамдарды жоготтук. Мыкты адамдарыбыз өтүп кетти. Ковид менен ооруп кеткендер, ар кандай оорулар менен ооругандар кездешти. Күнүнө үч адамды узаткан да убактар болду. Элден айланса болот. Эл өзү демилге көтөрүп, алды 200 миң сомго чейин каражат топтолсо, арты 60-70 миңдей топтолуп, “Жүк-200” мекенге кетет. Мамлекет тарабынан 70 миң сом каражат бөлүнгөн. Бирок аны ала турган убактысы өлүктү чыгарып, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү алып, аны нотариустан өткөрүп, консульствого жөнөткөндөн кийин бир күндөн кийин акча түшөт. Аны биздин адамдар күтпөй, көпчүлүк убакта Кыргызстандагы жакындары алат. Ушул мыйзамды кичине жеңилдетип, бул жерде коюлуп калгандарга да жок дегенде ошол акчанын 50%ын берсе жакшы болмок. “Өлүктүн чачпагы узун” дегендей, “жолго эле берилет” деп, сөөгүн Кыргызстанга алып кеткендерге гана бөлүнүп жатат. Ошол себептүү эл өз жүгүн өзү көтөрүп, өз киндигин өзү кесип, өкмөткө андай деле догун артпай, өз тиричиликтерин жасап келет. 

-- Каттоо иштери, паспорт маселелери кандай чечилген?

--Акыркы убакта Москвада президент менен жолугушканда айдоочулук күбөлүк, паспорт тууралуу маселелер көтөрүлгөн. ID-карт маселеси үч айда чечилген. Айдоочу күбөлүк боюнча маселебиз жакында чечилди. Паспорт боюнча жеңилдиктер жакшы эле. Бул үчүн президентибизге ыраазычылык айтып кетишибиз керек. Кылып жаткан иштерди убагында баалайлы. Ошондо президент менен жолугушууга өзүм да барып катышып, суроолорду берип, айттык эле. Ошол маселелер чекесинен чечилип жатат. Балдардын паспорттору чоң адамдардыкындай болчу. Анын баасы 50%га түшүп, 2020-жылы мартта чечилсе, 2021-жылы күздө жүзөгө аша баштады. Акырындап баары чечилүүдө. Азыркы президентибиз кыргыз мигранттарын жандантууга, башын бириктирүүгө бир топ салым кошту. Тюмень облусундагы кыргыздар Екатеринбург шаарындагы Кыргыз консулдук мекемесине кайрылабыз. 

Көпчүлүк убакта айрымдар күнүмдүк эле жашаган учурлар кездешет. “Россияга чоң атаңдын үйүнө келгенсип келесиң” деп тамашалап коём. Мүмкүн болушунча биздин мекендештер бара турган жерлерин тактап анан келишсе, жок дегенде ширетүүчү, электрик, ашпозчу, чачтарач дегендерди үйрөнүп алышса, жумуш таап орношуусуна жеңил болмок. “Тууганым чакырды” деп эле келе бербей, барчу жеринин маданияттын, салттын, мыйзадарын бир аз окуп, изилдеп, интернет булактарынан маалымат алып алса деген кеңеш айтып кетмекчимин.. 

“Суу ичкен кудугуңа түкүрбө” дегендей, бөтөн элде жашап жаткан соң, ар кандай учурларда бирге болуу зарыл. 15 жылдан бери эл менен иштешип келе жатам. Бул шаарды “кызыл шаар” деп коёт. Коркутуп-үркүтүп акча алуу, уруп-согуу деген жок. Көбүнчө өзүбүздүкүлөр, ичимдикке жакыныраактар тойлоп алгандан чыр-чатактар орун албаса эле, элдин ынтымагы бийик. 

-- Акыркы абал, Россия–Украина тиреши, башка мамлекеттердин санкциялары кандай таасирлерин тийгизүүдө? Сиз бул абалга кандай көз караштасыз?

-- Украинага болгон “атайын операцияны” баштаардан мурда Россия Федерациясы баарын эсептеп, тактап, анан ушундай кадамга барса керек. Биз Россия Федерациясынын президенти В.Путиндин жасаган ишин колдойбуз. Бул дагы алысты көрө алгандык деп эсептейм. Башка эл үчүн жооп бере албайм, бирок өзүм колдойм. Бул убактылуу нерсе. Ушул себептен көп мамлекеттерден санкциялар кирип, кичине кыйынчылыктар сезилип, азык-түлүк, кийим-кеченин кымбаттаганы байкалууда. Бирок жаралган абалдан пайдаланып, Кыргызстан өз продукцияларын Россияга сатып, мурдагыдай алаканы күчүнө киргизип алса болот. Кыргызстан өзү айыл чарба азыктарын өстүрө турган өлкө. Учурда айыл чарбага аябай көңүл буруп, экспортту көбөйтсө утуш болот. Биздин ата-бабаларыбыз бир үзүм нан үчүн да күнү-түнү иштеп, мамлекетибизди түптөп берип кетишкен. Буюрса, Кыргызстандын жаркыраган келечеги алдыда. 

Жакында өлкөбүздө дагы бир жүрөк кубанарлык тарыхый иш болуп өттү. Президентибиз Кумтөрдү биротоло өз өлкөбүзгө өткөрүп алганыбызды сүйүнчүлөдү. Кумтөр менен экономикабыз дагы жаңы деңгээлге көтөрүлүп, жасала турган жакшы иштер алдыда. 30 жылдан берки канчалаган кыргыздардын көксөөсүн орундаткан президентибизге ыраазычылык билдиребиз.


Соңку сөз

Эжеден мындай жүрөк кубантарлык, мекенчилдик менен алып барып жаткан иштерин мекендештерибиз да билүүсү керек деген тилек менен экөөбүздүн маектешүүбүздү кыргыз ММКларына жолдоого уруксат алып, сапарымды андан ары уладым.


Темирлан Бейшенов, Тюмень шаары 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер