Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Соке ачкан офисине бара албай, атамбаевчилерден коркуп атыптыр...

Соке ачкан офисине бара албай, атамбаевчилерден коркуп атыптыр...

12-январь, 19:45
9 183 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Биз жаңы жылга чейинки гезиттин санына жазгандай, Бишкектин Горький көчөсү менен күн батышты көздөй баратканда Тынчтык проспектисине жетпей Пожарскийге бурулганда, сол жактагы хансарайды белгилегенбиз. Так ушул жерден Сооронбай Жээнбеков офис ачып, элди кабыл алып атканы кабарланган. Жазасын албай калган Алмамбет Салиев да “союлдай” болуп жүргөн эле. Дал ушул маалымат “Азия Ньюска” чыгып, коомчулукка тарагандан кийин атамбавчилер ачууланып, соцтармактан талкуу жаратышкан. Керек болсо Сокеге барышарын, Кой-Таш окуясы, Алмазбек Атамбаевдин камалышы, басым-кысымдар боюнча сурап алышарын жарыялашканы эсибизде. Көп өтпөй Сооронбай Жээнбеков офисин жыйыштырып, элди кабыл алууну токтотуп, мамлекеттик резиденцияда тымпыйып отуруп калыптыр. Таңгалычтуу эй! Качанкыга чейин Атамбаевден жана анын тарапташтарынан коркуп, корунуп жашайт? Эл аралай албай, “үй түрмөгө” камалган да өзүнчө шорбу? Жазга карай “соцдемчилер” менен койташтыктар Сокеге акаарат келтирүүгө, каршылык көрсөтүүгө бекер жерден даярданып жатышпаса керек. Акыры бир жаңсыл кадамга, тергөө машакатына мезгил жакындатып бараткандай...

 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер