Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутат Элвира Сурабалдиева көтөргөн маселе өтө оор, көз жаздымда калтырбайлы

Депутат Элвира Сурабалдиева көтөргөн маселе өтө оор, көз жаздымда калтырбайлы

23-апрель, 18:54
575 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Элвира Сурабалдиева билдирген маалыматка ылайык, ага кайрылган келин өзүнүн оор тагдыры тууралуу айтып берген. Анын айтымында, ал 2015-жылы жолдошу менен ажырашкан. 2024-жылы болсо мурдагы кайын сиңдиси өспүрүм кызды алыстап калбасын деген шылтоо менен Дубайга эс алууга алып кетүүнү сунуштаган.

     Бирок бул сапар кайгылуу окуя менен аяктаган. Келиндин сөзүнө караганда, чет өлкөдө өспүрүм кыз сойкулукка мажбурланып, психологиялык оор абалга туш болгон. Кыргызстанга кайтып келгенден кийин ал өз жанын кыйган.

     Мындан тышкары, депутат бул ишке тиешеси бар адамдарга байланыштуу дагы бир олуттуу жагдайды белгилеген. Анын айтымында, келиндин мурдагы кайын сиңдиси кызды сатууга катышкан адамдардан батир алып, аны өзүнүн атына каттатып алган.

     Бул окуя коомдо чоң резонанс жаратып, балдардын коопсуздугу жана адам сатууга каршы күрөш маселесин кайрадан курчутту. Бул маселе өтө оор, көз жаздымда калтырбайлы.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер