Нурбек Сыдыгалиев бир тууган инисин башкы прокурор кылабы?

Вице-сипкер Нурбек Сыдыгалиев бийликке адвокат болуп, жактап калганын билесиңерби? Өткөн жылы июнь айында бир тууган иниси Бакытбек Сыдыгалиевди Ош шаарынын прокурорлугуна койдуруп, жасалма түрдө секирик жасатканы айтылган эле. Мансап кумарына батуу оңой эмес да. Канчалык жеткен сайын талпына берүү адатка айлангандай. Эми Бакытбек Сыдыгалиевди башкы прокурор кылууга аракеттер көрүлүп атабы? Бул боюнча бекер жерден сөздөр чыкпаса керек. Кызык эле да, Нурбек Сыдыгалиев улам келген бийликтин колтугуна кирип кетип, “движение” кылуунун кыныгын алып алды. Бул бир эле көрсөткүч эмеспи, негизи вице-спикер күч органдарына, башка тармактарга да адамдарын кызматка койдуруп, кирешелүү бизнеске өтүп алганбы? Кыскасы, жашаганды билет экен да...
"Азия Ньюс" гезити