Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Путин иш жүзүндө Рахмонду Садыр Жапаровдон жакын көрөбү?

Путин иш жүзүндө Рахмонду Садыр Жапаровдон жакын көрөбү?

07-май, 21:16
764 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Москвадагы 9-май Жеңиш парадына орус жетекчилиги Эмомали Рахмонду чакырып, Садыр Жапаровду чакырган жок” деп эки күндөн бери жумурткадан кыр издегендердин отуна май тамгандай эле болду. 

В.Путин параддын юбилей жылдарында эле КМШ мамлекеттерин чакырат. Былтыр Сооронбай Жээнбеков барып, багы жокко, дагы жок болуп, жардамчысынан ковид чыгып калып, ошол замат ак падышага жолотулбай, парадга да катышпай калганы эсибизде. Бирок юбилей эмес жылдары Путин кезеги менен бирден конок чакырып ардактайт. Мурдагы жылы ал кездеги Молдова президенти Додонду чакырган. Эми быйыл азыркы ОДКБ төрагасы Тажикстан президентине келиптир. Анын Москвага барары үч ай мурун эле белгилүү болгон. 25-апрелден бери Рахмон бир канча жардамчы, жансакчылары менен кошо карантинде жатты. Ал убакта Москвада ким билиптир Кыргызстан менен тиреше кетерин. Ошондуктан “Россия тажиктерди колдойт экен, Садырды чанды” деген туура эмес маалымат. Пандемия убагында кааласа дагы Кыргызстандын президентин кошумча чакыра алышпайт, анткени, ал карантинден өткөн эмес. 

Эмомали Рахмон учурда КМШ президенттеринин арасынан эң улуусу жана аксакалы ошол. Аны менен кечээ гана шайланган Садыр Жапаровду салыштырууга болбойт. Бирок, бул факт эч кандай Россиянын Тажикстанга тартканы, же “Путин мырза Жапаровду жаман көрөт” дегенди билдирбейт. Угушубузча, Россиядан ага май айынын экинчи жарымына чакыруу келди. Эмне болсо дагы өз тагдырыбыз жеке керт башыбызда экенин унутпайлы. Биздин мамлекеттин келечегин жана чек араларды расмий бийлигибизден башка эч ким чече албайт! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер