Жерүй чыры... Бабановго каршы таластыктар митингге чыгышабы?
Камалгандан кийин Өмүрбек Бабанов ооруга шылтоолоп, чет өлкөгө чейин эс алып келгенге үлгүрдү. Баш айландырган кылмыш иштеринен азырынча кутулуп кетпесе керек. Образдуу элестетсек, кайырмакта илинип турат. Жалакай жаны түрмөнүн түйшүгүн көтөрө албаганы ырас, аныгында, жалдырап жатып бошонуп кеткени осолдук го? Мамлекетке күрөө катары миллиондорду койгонбу? Казынабыз какшып турганда аябай эле “кустурушпайбы”?.. А эң кызыгы, Бабановдон жердештери да түңүлүп, каршылык көрсөтүү иретинде митингге чыгышары каңкууланды. Жерүйдү иштеткен “Алтын Альянс” компаниясында 20 пайыз энчисин жашырып жүрдү беле? Дал ушул байлыгы аныкталса, таластыктар социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн пайдаланууга киришерин айтышууда. Алтындан түшкөн кирешени өзү гана басып жатпай, кыйналган элге да бөлүшсүн да, туурабы? Качанкыга чейин алдаркөсөдөй алдай берет? Жердештери жаалданып чыгышса, аргасы түгөнүп, элдин ырыскысын кайтарабы? Көрө жаталы.
"Азия Ньюс" гезити