Кадыржан Батыров боюнча талаш... Келдибеков–Текебаев=2:0


Ушундай. Үлкөн саясатчылардын талашып-тартышуусун коомчулук ынтызарлана күткөн. Бирок бүйүр кызытууга жетишкен жок. Өмүрбек Текебаев улам кайталап пост жазып, натыйжада, эки ирет утулууга барганына баам салдык. Эмесе, макаланы аягына чейин окусаңар ынанасыңар.
Убактылуу өкмөттүн башкаруу мезгилиндеги чуулган кайрадан коомчулукта талкуу жаратты. Бул олуттуу маселе. Июнь окуясы боюнча соттук процессте Ахматбек Келдибеков күбө катары сүйлөгөн. Ал маалымат Германиядагы элчиге бурмаланып жетиптир. Салмактап, тактабай эле дароо Фейсбук аркылуу жооп бергенине күбө болдук. “Кадыржан Батыровго диппаспорт берүү өтүнүчүнө Убактылуу өкмөттүн вице-премьер-министри Өмүрбек Текебаев жана аппарат жетекчиси Эдил Байсалов кол коюшкан” деп көрсөтмө бериптир” деген таризде Ахматбек Келдибековду “айыптоого” аракет кылып, сотко берерин да жашырган эмес. Кайра эки күндөн кийин Текебаев дагы пост жазып, “Ахматбек Келдибеков телефон чалды, мен жөнүндө жаман айтпаптыр. Инцидент ушуну менен жабылды” деген. Кызык. Баягы жаралуу жерге тийип койгондо адам так секирет эмеспи. Мындай жагдайда “сырдуу окуялар” көзгө тасмадай тартылып, акыл-эстүүлөрдүн катмары шек санагандай абалда калышты...
А чындыгында кандай болгон? 2010-жылдан кийин Кадыржан Батыровго дипломатиялык паспорт берүү боюнча вице-премьер-министрдин каты Жогорку Кеңеште каралганы, бирок анын жыйынтыгы кандай чыкканы учурда белгисиз. Сөз иретинде талашка айланып, айтылып келет. Таккесе бүтүм чыгаруу үчүн колдо документтер болуусу керек. Ал эми Июнь окуясына байланыштуу сотто Ахматбек Келдибековдун көрсөтмөсү калыс маанайда, негиздүү, орду менен айтылган. Өз сөзүндө “Өмүрбек Чиркешович дипломатиялык паспортту Кадыржан Батыровго алып берип, узатып жиберген” деген эмес. Бул ишке байланыштуу парламентте Текебаевдин каты талкууланганын гана эске салган. Болгону ушул. Андагы жыйындын жүрүшү стенограммада, ЖМКлардын архивдеринде сакталуу да. Чуулганга айланган каттын көчүрмөсү жакында жарыяланышы мүмкүнбү? Эгерде тирешүү күчөп кетсе...
Эске салсак, Июнь окуясы боюнча кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу эч ким жоопкерчиликке тартылбайт. Болгону кыргыз элинин астында кимдин ким экени гана таразаланып, мезгил, тарых соту баа бермекчи...










