Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кубанычбек Исабеков, коомдук ишмер: “Бийликтин кадр саясаты аксап атканын моюнга алалы”

Кубанычбек Исабеков, коомдук ишмер: “Бийликтин кадр саясаты аксап атканын моюнга алалы”

16-сентябрь, 08:00
676 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кубанычбек ага, “отуз жылда жасалбаган иштерди азыркы бийлик үч жыл ичинде жасап салды” дешүүдө. Буга сиз эмне дейт элеңиз?  

-- Чындыгында, салыштырмалуу түрдө коомчулукта “30 жана 3 жыл” деп бөлүп айтып калышпадыбы. Көпчүлүк маселелер 30 жылда ордунан жылбай, козголбой келсе, минтип үч жылда жасалып аткандары кашкайган чындык, муну моюнга алыш керек. Албетте, чоң, глобалдуу өнөр жай ишканалары болбосо да, бир нече жүздөгөн жумушчу орун менен камсыз кыла тургандары чет-четинен ачылып атат. Алсак, Кыргызстандын тарыхында эч качан болбогон машинелер чыгып баштаганын чоң жаңылык катары айталы. Ошол эле Өзбекстан менен биргелешкен машине заводу, Кытайдын электр кыймылдаткычтуу жеңил унаалары, жанагы бетон, жүк ташуучу чоң машинелер бизден куралып, чыгып аткандарын чындык үчүн айта кетели. Аны менен катар жаңы мектептер, жолдор тынымсыз салынып атканын баарыбыз көрүп атабыз го! Ар бир облус борборлорунда керектен чыгып калган аэропорттор жаңыланып, авиакаттамдарды жандандыруу максатында кайрадан реконструкцияланып атканы жүрөк жылытат. 

-- Элге таандык мурунку завод-фабрикалар 30 жыл ичинде менчиктештирилип, кайсы бир адамдын карамагына өтүп кеткен эле. Ошолор кайрадан мамлекетке өтүп атканын кандай баалап атасыз?

-- Мамлекеттик ишканалар баш болгон, медициналык, саламаттык сактоо, деги койчу, бүтүндөй таланып-тонолуп кеткендер кайрадан кайтарылып, ага жан киргизип атканы жакшы көрүнүш. Жумушчу орун пайда болсо колдоп, өлкөнүн кызыкчылыгын коргошубуз керек. 

-- Мамлекет спорт жагына да көңүл бура баштады окшойт...

-- Аның туура. Мурун мынчалык деңгээлде көңүл бурулган эмес. Францияда өткөн кезектеги жайкы олимпиада оюндарында 6 спортчубуз Кыргызстанды таанытып, 2 күмүш, 4 коло медалды багынтып келишти. Президентибиз Кыргызстандан барган 16 спортчунун ар бирине темир тулпар мингизди, ири суммадагы акчалай сыйлыктарды ыйгарды, алардын насаатчыларын да куру калтырган жок. Бул жаманбы? Өтө жакшы да. 

-- Кымбатчылык токтобой атат...

-- Азыр бүткүл дүйнө жүзү оор абалда. Россия менен Украина, Палестина менен Израиль, Сирияда согуш жүрүп жатат. Ошону менен катар жаратылыш кырсыктары көбөйүүдө. Бир жерди бүтүндөй өрт каптап атса, башка жагында суу ташкыны токтобой атат. Дагы бир жерде кургакчылык күч алууда. Азык-түлүккө болгон баалар Кыргызстанда эле эмес, баардык мамлекеттерде өсүүдө. Каатчылыкты бүткүл дүйнө жүзү башынан өткөрүүдө. Биз да чыдашыбыз керек.

-- Биздеги кадр маселеси купулуңузга толобу?

-- Жогоруда мамлектибиздеги жакшы жышаандарды тизмектеп, болгонун болгондой айтып кеттим. Ошол эле учурда кадр маселеси аксап атканын айтпай койбосок жарабас. Айыл өкмөтүнөн баштап жогорку бийлик бутактарына чейин кадр саясаты аксап атканын моюнга алалы. Эч бир купулума толбой атат. Бирөө жарым жыл иштесе, бирөө бир ай иштеп, мамлекеттин казынасына колун салып ийип, камалууда. Бул көрүнүш жеке эле мени эмес, элдин кыжырын кайнатууда. Муну мен кемчилик катары айтат элем, мындайды эске алыш керек.  


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер