Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Илмияновдун сыйлыгы менен Алимбаев бийликтин беделине сокку урду

Илмияновдун сыйлыгы менен Алимбаев бийликтин беделине сокку урду

03-август, 20:16
544 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жумада Икрамжан Илмиянов «Лейлек районунун ардактуу атуулу» сыйлыгын алып, коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Ачуу сындар агылып, бийликке сөз тийди. Эми ушул керек беле? Илмиянов алдамчылыкка айыпталып, түрмөгө түшүп, бирок Сокенин бийлигинен пайдаланып, жеңил-желпи кутулуп кеткен. Бул эргул өтө оор кылмыштардан буйтап, көз жазгыра баса бергенине эмне дейсиңер? Сыягы, Баткен облусунун губернатору Абдикарим Алимбаев «жең ичинен» сыйлык алуусуна макулдугун берип, жашыл жарык күйгүзгөнү байкалууда. Жыландын башын кылтыйтып, бийликтин беделине сокку урду. Котур ташы койнунда жүргөнү ушулбу? Бул Алимбаев да убагында жоголгон куралдар боюнча кылмыш ишине кабылып, кандай амал менен кутулуп чыкканын кесиптештери эле айтып жүрүшөт го? «Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт» дегендей, экөө бири-бирине куп келишиптир да. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер