Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чагымчыл күчтөр тажик-кыргыз ортосундагы кырдаалды курчутууда

Чагымчыл күчтөр тажик-кыргыз ортосундагы кырдаалды курчутууда

20-декабрь, 11:05
646 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалдын артында Кыргызстандын УКМКсы менен ИИМи турат делген маалымат чындыкка дал келбесин айтат Улуттук коопсуздук комитети.

“Атайын бузуку күчтөр Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кырдаалды курчутууга аракет кылышып, Кыргызстандын укук коргоо органдары тууралуу такталбаган маалыматтарды таратышууда. Учурда УКМК менен ИИМ башка мекемелер менен биргеликте чек арадагы абалды жөнгө салуу аракеттерин көрүшүүдө. Мындан улам УКМК, чек ар маселеси боюнча чыр туудура турган чагымчыл билдирүүлөрдү чыгаруудан алыс болууга чакырат”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 18-декабрда Баткендин Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыгып,  эки өлкөнүн жарандары бири-бирине таш ыргыткан. Кийин эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда Тажикстан тараптан атылган октон Кыргызстандын аскер кызматкери жаракат алган. Мындан сырткары беш адам ар кандай жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер