Кыргызстандын жалпы карызынын көлөмү 6 миллиард долларга жеткени кооптондурбайбы?
Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:
-- Тышкы карызды мамлекеттин мойнуна илинген айбалта (!) десек болот. Акыркы жылдары азаймак турсун, көбөйүп жатканы өкүнүчтүү. Бул бийлик келгени мурдагы тышкы карызга дагы бир жарым миллиард кошулду. Келген эле президент карыз алып, мамлекеттин мойнуна иле бербеши керек. Садыр Жапаров өткөн саммитте тоолор тууралуу жакшы сүйлөдү. Эми ошол боюнча иштеп, өнүгүү планын түзүп, тышкы карыздын жок эле дегенде 50 пайызын жабуунун жолун табышы шарт. Бирок өкүнүчтүүсү, президентке концепция жазып берип, абалдан чыгара турган билимдүү адамдар Акүйдө калбай калды. Министрлер кабинети ызы-чуу чыккан жердеги эле абалды жөнгө салуу менен алек болбой, 20-30 жылдык өнүгүү программаларын түзүп, карыздарды кечирүүнүн жолдорун табышы керек. Акылдары, мүмкүнчүлүктөрү жетпесе, тышкы карыздарды азайтуунун жолун билген саналуу эле адамдар калды, ошолор менен кызматташып, алардын тажрыйбаларын пайдаланышы керек. Антпесек, тышкы карыз кокодон алган мезгил тез эле келип калат.
Ибрагим Жунусов:
-- Карызыбыз 6 миллиардга жакындап калганы чынында эле кооптондурат. Кытайга көбүрөөк карызбыз. Негизи дүйнөнүн 70 пайызы Кытайга карыз. Европа дагы Кытайга карыз, бирок алар пайызын төлөп, карыздан кутулуунун аракетин жасап жатышат. Биз дагы карызыбыздан кутулуунун жолун табышыбыз керек. Анткени Тажикстандын Кытайга болгон карызы көбөйүп кеткен үчүн алардын жерин сураган учурлар болгон.
“Алгандын бермейи бар” дегендей, карыз алгандан кийин беришибиз милдет. Кошунаңдан карызга акча алып, төлөй албай калсаң, “машинеңди же акчасына жараша буюмуңду бер” дей баштайт. Ошон үчүн бул жагынан сак болуп, убактылуу нерсе үчүн карыз албоого аракет кылышыбыз керек.
Айрымдар “Кыргызстандыкы аз эле, бизге салыштырмалуу Казакстандын, Өзбекстандын тышкы карызы көп” дешет. Бирок, алардын экономикалык көрсөткүчтөрү жогору да. Өзүбүздү алдап, ар кайсыны айтып соорото бербей, карыздан кутулуунун аракетин көрөлү.
Рамазан Дырылдаев:
-- Кыргызстандын эң олуттуу көйгөйү ушул. Акылбек Жапаров “Кытайдын карызын төлөйбүз” деп график бергени менен андан кутулуу чынында эле оор. Анткени, төлөбөсөң жер же мүлкүңдү Кытай алып коёт. Ошон үчүн Кытайдан алган карыз кооптуу. Бирок, экономикада жылыш болгондой. Негизи “Кытай менен визасыз режим кылабыз” дебей, ар бир кадамды ойлонуп ташташыбыз керек. Азыркы бийлик Акаевдин катачылыгын кайталабаганы оң. Акаев Үзөңгү-Куушту кытайларга жакшы көрүнүү үчүн бекер эле берип койгон. Ошон үчүн карыз алууда катуу ойлонолу. Себеби, Кытай менен алыш-бериш маселебиз жер менен байланыштуу болуп калышы ыктымал.
Мисалы, Түркия өлкөсү Кытайдан 2 миллиард карыз алып, өтө ыңгайсыз абалда калды. Себеби, түрктөр Кытайдагы уйгурлардын укугун коргошчу. Кытай карыз бергени ошону токтотууну талап кылып жатат. Ошон үчүн карыз берсе эле ала бербей, сактаналы, анан ойлонуп кадам таштайлы.