Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтайым Үмөталиева: “Добуш сатып алуу 2 миңден 10 миң сомго чейин жетти”

Токтайым Үмөталиева: “Добуш сатып алуу 2 миңден 10 миң сомго чейин жетти”

10-сентябрь, 12:57
713 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Токтайым, сизди шайлоо горизонтунан көрбөй атабыз, себебин түшүндүрүп кетесизби?

-- Мен өзүмдү ушу кезге чейин коммунисттик партиянын мүчөсү катары сезем. Себеби, 3-курста алган партбилетимди жана да андагы бир топ түптөлгөн көз карашымды, позицияларымды сактоодомун. 2011-жылы "Жашасын Кыргызстан" партиясынын саясый кеңешинин төрагасы катары баштап келдим. Кээ бир саясый кысымдардын жана башка иштердин артынан партияны бекемдеп, алдыга алып кете албадык. Бул көрүнүш азыркы партиялардын баарына таандык болуп калды. Экинчиден, кайрылуу каттоо мөөнөтүн 5 күнгө чектепБШК жалпы ачык маалымат бербегенден бир топ партиялардай эле кеч угуп калдык. Үчүнчүдөнкаражат жагы чоң маселе болду жана да күтүлбөгөн жерден эң бир боорукер, аска тоодой болгон бир тууганым өтүп кетти. Мындай учурда көп нерсеге башкача карап, ички дүйнөңдөгү болгон ой толгоолор өзгөрүп, айлана-чөйрөгө башкача аяр мамиле кылып калат экенсиң. “Кечтим байдын кызынан” дегендей. 

-- Шайлоо адилеттүү өтөрүнө көзүңүз жетеби?  

-- “Эл – тараза деп бекер айтышпайт. Жарым жыл мурун эле таразага кандай топтор жана кандай күчтөр аттанганы белгилүү болгон. Каныкей апанын Тайторусу аламанга катышса да чыга албай, чыгып келсе да курмандыкка чалына турган оюн башталды. Кримтөбөлдөр менен мамлекеттин казынасын калчап алган топтордун жарышына айланды. Добуш сатып алуу процесси каттоо бүтө электе эле башталды. Учурда 2 миңден 10 миң сомго чейин жетип калды. Азыркы шайлоого БШКнын даярдыктары да абдан төмөн экени Кыргызстан партиясынын айланасындагы чыр-чатагынан көрүндү. Эң бир уюшулган грант жегич жана жоопкерчилиги жок уюмга мамлекеттик эмес, алыскы бир айылдын соода-сатык ишин алып барган дүкөнчү топтун да деңгээлине жете албаганын көрүп жан кейидиАнысы аз келгенсип, беш жылдан ашык отурган төрага ушул кезге чейин Конституциялык сот чыгарган чечимдердеги бекитилген каталарды парламентке киргизип, оңдой алган жок. Биометрикалык жана да бюллетендерди, добуштарды эсептөө аппараттардын лицензиялары менен техникалык паспорттору барбы-жокпу, белгисиз. Бул эмнени билдирет? Шайлоо системасынын биздин персоналдык маалыматтарыбызды коргоо программалары тешик экенин тастыктайт. Ким жана кайсы күчтөр үчүн иштей турганы белгилүү болуп калгансыйт. Президенттик шайлоодон кийин болгон сот иштеринин чечимдериндеги аныктоо бөлүгүндө соттор белгилеп кеткен БШКнын каталарын оңдоо боюнча коллегиялык орган катары карап, оңдоп-түзөө иштери да алып барылбай калды. Баягы эле эски коррупциялык жолдун изи менен бүгүнкү шайлоого келдик. Дагы бир коркунучтуу тирешүүлөргө барып калуу мүмкүнчүлүгү   өсүп жатат, бул абдан өкүнүчтүү жагдай.

-- Тышкы күчтөр Кыргызстанга көз салып, кайсы бир кызыктарды иш жүзүнө ашырууга ашыгабы?     

-- Шайлоого чыккан партиялар тобу, басымдуу бөлүгү ар кайсы сырткы күчтөргө таянбай койбойт. “Кыргыздар кандай абалга жетет? Шайлоо тиреши эмне менен бүтөт?” деп абай салып карап турушат. Экинчиден, өз кызыкчылыктарын сактап калыш үчүн таптаган адамдарын, өтө турган партиялардын тизмелеринин алдыңкыларына кошконго аракет кылышууда. Же болбосо, бийликке билими жок топтор келсе, аларды сатып алып, өздөрүнө керектүү мыйзамдарды кабыл алууга түрткү берип, болгон аракеттерин кылууга далбас урат. Мисалы, 2019-жылы чет өлкөлүк уюмдар таңуулап, Кыргызстандын мыйзамдарын бузулганына карабай кабыл алынган кодекстер бүгүнкү күндө укук коргоо жана башкаруу системасын жокко чыгарды. Болуп аткан covid илдетине дагы да сырткы күчтөрдүн  далдалчыларынын негизинде кабыл алынган дарылоо протоколдору канча деген адамдардын өмүрү кыйылып кеткенге жол ачты? Ошондой эле медицина тармагына келген башчылар да ошондой сырткы күчтөр менен фармамафиянын тушагынан чыга албай калышты. Тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсү менен бийликке келген башчыларыбыз мамлекетти тоноп, коррупцияга малынып жатат. Ошол эле ар бир статьясында бир топ каталары бар мыйзамдарды окубай кабыл алган депутаттар кайрадан партиялардын тизмелерине кошулуп жатканы да коркунучтуу. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер