Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өмүр менен бетме-бет

Өмүр менен бетме-бет

15-март, 23:37
2 090 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өмүр дагы бир жүзүн ачты мага. Билем, жүзү көп анын. Миңге чыксаң дагы ал өзүн сага таанытпайт. Денебиз бирде биригип, бирде бөлүнүп, көлөкөмдөй ээрчип жүрсө дагы аярлай калып токтолуп, жетпей калсам кууп жетип, көзүнө тигилип карабаганыма көп болгон. Анткени, ал – үлкөн. Үлкөндөрдү карап не кылам. Өз акыбалымды, өз амандыгымды аяктарыма арта салып, көп менен бара жаткам. Кайдадыр бара жаткам. Эки ийинимден бирөө силккендей капыстан токтодум. Кылчайып карасам өмүр экен. Көзүнө тиктедим. Өткүрбү, өткөөлбүөтмөкпү, өртпү, курчпу, сузбу, ирмемби, дендароомун. Бар жыттанабы же жокпу, жалганбы? Биз өмүр экөөбүз бетме-бет келдик...

***

Мен Таласка сүйүнүп келем. Шашылып, жүгүрүп келем. СССРдин легендарлуу Икарус автобусу Жамбылдан (Казакстандан) Таласты көздөй бурула бергенде эле удургуган таза аба көңүлүңдү көтөрүп, көкүрөгүңдү элеп-желеп алып-учуп жөнөйт. Жанагы дем кылган боз чаң ысыктан дайын жок. “Абаңдан айланайын, ак мөңгүлүү тоолоруңдан айланайын Таласым, жатырсыңбы чалкып?” дейм. Ар бир ак жоолукчан эне, ар бир ак калпакчан ата, ар бир бала көзүмө ысык көрүнөт. Жакыным көрүнөт. Аларга кагылып, үргүлгөн сайын бар экенимди сезем. Эндичи? Энем Кудайдын астына кетип калды. Көкүрөктө сүйүүм калды, бирок, энем жок. Курган көкүрөк мурдагыдай элеп-желеп болуп уча алабы, акылга сыйбайт...

***

Жерге берип, жетиликтерин өткөрүп, үйгө келдим. Кулагым мурда керең беле билбейм, угулган ырдын баары, сүйлөнгөн сөздүн баары эле эне жөнүндө экен. Токтой калам. Тыңшай калам.  Бир топ жыл  мурун жолдошумдун апасы каза болду.

“...Сапарда кийим алдым балам үчүн,

Байлыкты жыйнап салдым өзүм үчүн,

А бирок эмне кылдым апам үчүн?..” деп Кайрат Примбердиев ырдап жатты телевизордо. Көзүмдүн кыйыгы менен жолдошум тарапты карасам, небере сүйүп отурган кишинин көзүнөн жаш агып жатыптыр. Менин да ичим сыйрылды. Чындыгында кайнене болсо дагы мага кызынан артык жасаган мамилеси үчүн апамдай көрчүмүн. Кантип эркелеп жатканымды өзүм да сезбей калаар элем. Өтө зирек, өтө даанышман аял болгон. Ал кишинин айткан сөздөрү ушул күнгө чейин жашоомо жарык берет. “Динара, үйгө келген кишини бар тамагыңды жайнатып тосуп ал, Кудайы конок да. Келген киши ыраазы болсо, Кудай ыраазы. Өсөсүң. Өнөсүң” дей берет эле. Өзүнүн дасторкону жыйылчу эмес, келген кишини жадырап гана тосуп алаар эле. Үйгө ушунчалык киши көп келчү, жадагалса аялдамага автобус күткөндөр да өз үйүнө киргендей  кирип келе беришчү...

 Мындан бир нече жыл мурун бир дептериме минтип жазыптырмын: “Мен дүйнөгө эмнеге келдим десем, жакшы адамдарды тааныш үчүн гана келген экем. Менин жакшы адамдарым өзүмдүн апам, кайненем анан жолдошум” деп жазыптырмын. Бул өмүр менен кездешкендиги тапкан табылгам, чындыгым ушул болду. Ушуларга окшошуп жашоо максатым болду...

***

Мен өзүм да апа болдум. Бала тарбияладым. Баланын курсагын тойгузуш оңой, тарбия бериш кыйын экен. Бейбаштык кылса чыдабай урушуп да жиберем. Ыйлактап да калам. А менин апам чекебизге черткен эмес. Чын сөзүм, чертмек түгүл, “сен жамансың” деп айтпаптыр. Ойлоп-ойлоп отуруп, аялдын чыдамы деген өзүнчө бир уч-кыйырсыз аалам болоруна таңкалып кетем....

27 жашында алты бала менен жесир калды. Күндөп-түндөп иштеди. Жаны тынчу эмес. Биздин бактыбызга ошол жылдары Таласка тамеки келип калды. Апам өзү гектар-гектар жер алып чабат, үзөт. Биз болсо жардам берген болуп жанында жүрөбүз. Кулагыбыз жаман сөз укпай, көзүбүз жамандык көрбөй чоңойдук.

 Бир жолу бир казан каймакты казанга куюп, сары май кылып жаткан. Мен эрте турган окшойм, жанында отургам. Аңгыча чоң көчөдөн уйлар көрүнүп калды. Жайыттан калып кетпесин деп апам шашып эле уйду айдап жөнөдү. Мага “отту жагып тур” деп коюп жүгүрдү. Жагып аткан отубуз саман болчу. Жага бердим, казандагы май карарып баратат, апам кечикти. Мен от жакканымды токтоткон жокмун. Казанды үнсүз төгүп жаткан апамды карасам, көзүнөн мөлтүлдөгөн жаштар тамчылап жатыптыр. Мени урушмак түгүл, мен тарапты карап да койгон жок...

СССР бизге 100 рубль пособие  берчү, аябагандай чоң акча эле ал кезде. Бир рублга окуу куралдары кенен келчү. Сапаттуу тушь, боёк, кагаздар тыйын эле турар эле. Кыштын узун түндөрү кичинекей мешибизге апабыз чабаты нан бышырып,  биз болсо катарынан отуруп алып сүрөт тартаар элек. Баладай болуп урушуп-талашчу да эмеспиз эмнегедир.

Апам эч кимден эч нерсе сураган  жан эмес. Мүнөзү ошондой болчу. Апамдан сурап келишчү. Аялдардын  майын майдай, унун ундай алып жатканы эсимде. Алгандарын кайра алып келип деле беришчү эмес. Көл дайра апам ай, колу ушунчалык ачык эле. Дегеле жок деп айтчу эмес. Балким, ошон үчүн анда бар болгондур. Ач-жылаңач калтырган  эмес...

***

“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун эсеби жок кайталап окуган киши эле апам. Ал окубаган китеп калган эмес. Көп сүйлөбөгөн менен ич дүйнөсү, сырт дүйнөсү да терең,  сулуу эле. Тамекиде бирге иштеген шакылдаган аялдар кирпигине кир жукпаган апама “Таттыбүбүдөй болуп отурасың анан супсулуу болуп” деп келип калышаар эле. Үйдөн киши үзүлчү эмес. Сүт чай, каймак чай ичишип, “чыз-пыз” этиле калган тамак менен черлери жазылчу. Апамдын колунда береке, кут бар эле. Байкуш апам ошол жаштыгы менен, ошол өң-түсү менен бизди таштап турмушка чыккан жок. Күндө дары ичээр эле. Баш оорусу дегеле басылган эмес. Эртең менен цитрамон, анальгин ичип алып, көртирликке кирип кетет... Биз үчүн өмүрүн садага чапкан экен көрсө...

Кейисе балбалактап, буркан-шаркан түшүп ыйлап, кубанса жайдаңдап, шарактап калмай деген апамдан алыс эле. Арамдыгы, куулук-шумдугу жок апам бир калыпта гана зыңгырып жашады. Ошол назик, арык, үлбүрөгөн жаны менен турмуштун эркек көтөрө алгыс сынагын “былк” этпей көтөрдү. Жаман сөз эшитпей чоңойгон балдары сүрөтчү, ырчы-чоорчу, уста, молдо болуп, элдин уулдары атыгышты. Алар да жулунушпайт. Алар да бирөөнүн тамагын тартып албаган, бирөөгө жаман айтпаган адам болушту. Адал тамак, мээримдин акыбети окшоду бул дагы...

***

Апам ооруп жатса да орозосун, намазын таштаган жок. Кайненем да намазын, орозосун таштаган эмес. Кайненем өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө баарыбызды бир сыйра карап, “жакшы калгыла, мага келишти” деди жүзү нурданып. Такыба, таза киши эле да. Бейиштен жыпар жыттанган орогучтарды көтөрүп келген жер жайнаган периштелерди, Азреил алейхи саламды көргөндүр. “Ыраазымын, ыраазымын. Кайыр!” деди ар бирибизге карап. Анан “шылк” эте түштү (ошол учурда жарык өчө калды. “Ушундай болуп атат” деп тийиштүү жерге барып күйгүзгүчө, бир саатча убакыт өтүп кетти). Жарык күйгөндө карасак, апабыздын жүзүндө баягы оорунун изи да калбаптыр. Бетиндеги бырыштар жазылып, оорудан кара чийкил тарткан жүзү аппапак боло маңкайып, ууртунда жалмаюу сакталган  боюнча мемиреп уктап жатыптыр. О дүйнөнүн, периштелердин бар экенинен, ар кылган ишиңе суроо-сопкуттун бар экенинен кабар бергени бу да. Кудайдын тирүүлөргө көрсөткөн керемети болду...

Апам дагы жанынын ооруп турганы көрүнүп турса да жылмайганга аракет кылды. Көзү илинип кетип, уйку-соонун арасында “Динарга эки кабат төшөк сал” деп бирөөгө айтып атты... Жаны чыгып баратса да кызымдын отурган жери жумшакпы деген энеме кандай сөз айта алам?! Эми мага ким... деген гана айтылып-айтылбаган сөздөр жашым менен тамчылап калды....

***

Жараткан эгебиз адамды жакшы гана болсун деп жаратыптыр. Дүйнөнү сүйүүнүн үстүнө куруптур. Нурду жаратыптыр. Нур жок жерде караңгылык өзү пайда болот экен. Жакшылык жасалбаган жерге жамандык өзү келет экен. Жамандыктын себепчиси эки аяктуу адам биз экенбиз. Менин  апам “жамандык жасабагыла” деди. Менин апам аял ким экенин, кандай болорун, адам ким экенин, Кудайдан берилген өмүр чектелүү экенин, коротпош керек экен кыйкырып өттү. Үнсүз кыйкырды. Өмүрдүн бир да ирмемин оюн-зоок менен чачып жиберген жок. Ар бир мүнөтүн жашата алды. Ошол жашап калган ирмемдерге Кудайдын сыйлыгы бар. Мен билем, жүрөгүмдө ишенем, бейиш сиз үчүн!.. Кош апаке!..

Келининдей эмес, кызындай көргөн апа, сиз үчүн бейиш! Мен аны да билем, аны да туям. Ыйлап  жазып жатып, калемимдин кайда баратканын билген жокмун. Калем эмес бу жазганым жүрөгүмдүн кагышы болду,  апаларым!..

***

Өмүр дагы бир жүзүн ачты мага. Билем, жүзү көп анын. Миңге чыксаң дагы ал өзүн сага таанытпайт. Денебиз бирде биригип, бирде бөлүнүп, көлөкөмдөй ээрчип жүрсө дагы аярлай калып токтолуп, жетпей калсам кууп жетип, көзүнө тигилип карабаганыма көп болгон. Анткени, ал – үлкөн. Үлкөндөрдү карап не кылам. Өз акыбалымды, өз амандыгымды аяктарыма арта салып, көп менен бара жаткам. Кайдадыр бара жаткам. Эки ийинимден бирөө силккендей капыстан токтодум. Кылчайып карасам өмүр экен. Көзүнө тиктедим. Өткүрбү, өткөөлбүөтмөкпү, өртпү, курчпу, сузбу, ирмемби, дендароомун. Бар жыттанабы же жокпу, жалганбы? Биз өмүр экөөбүз бетме-бет келдик...


Динара Бейшеналиева

 "Азия Ньюс" гезити





Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер