Өкмөт башчы Абылгазиевдин дарамети фитнес клубду ачуу менен чектелди
Мухамметкалый Абылгазиевдин фитнес клубдун ачылышында лента кескен сүрөтү тарап, коомчулуктун кыжырдануусун жаратты. Чындыгында бул көрүнүш өтө кейиштүү экенин баса белгилесек болот. Премьер-министрдин башка кыйраткан иши жок болсо иштеп аткандай түр көрсөткөнү ушул да. Инвестиция тартуу, өндүрүштүк ишканаларды ачуу өкмөттүн негизги жумушу болушу керек эле, тилекке каршы, мындай ийгиликтерден кур жалак калган да. Буга чейин өлкөбүздөгү кен байлыктарды иштетүүдө чыр-чатактардан башыбыз чыкпай, инвесторлорду качырып ийгенибиз ырас. Ал эми мектеп, бала бакчалар дээрлик жетишсиз, бул жаатта билим берүүгө кыйла тоскоолдуктар жаралганын айтпасак деле түшүнүктүү. Тескерисинче, мечиттер менен спорт клубдар жайнап кетип, коомду кайсы жакка тарбиялап атканыбызды билип болбойт...
Aryba.kg