Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аида Исмаилова: “Сапаттуу медицина менен камсыздоо – «Биримдиктин» приоритети”

Аида Исмаилова: “Сапаттуу медицина менен камсыздоо – «Биримдиктин» приоритети”

13-сентябрь, 13:04
414 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сапаттуу жана жеткиликтүү медицина менен камсыз кылуу – «Биримдик» партиясынын приоритети. Бул тууралуу шайлоочулар менен жолугушууда «Биримдик» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер Аида Исмаилова билдирди. 

«Саламаттык сактоо министрлиги реформалоого муктаж, реформа финансылык-техникалык анализге негизделип, сатып алуулар, камсыздандыруу жана негизги дары-дармектерди жеңилдетилген бааларда камсыз кылуу маселелерин жѳнгѳ салчу укуктук ченемдик актыларга сапаттуу, ачык айкын экспертиза жүргүзүлүшү зарыл. Жеке камсыздандыруу ар бир жарандын чегерүүлѳрүн каякка багыттоону  жана кандай медициналык жардамдарды алуусун тандоого мүмкүндүк берет», - дейт ал. 

Ал белгилегендей, коронавирус пандемиясында оор күндөрдү баштан өткөрдүк, аны менен күрөшүү оңой болгон жок. “Элде нааразычылык болду. Бирок бейтаптарды дагы түшүнүү керек, алар да ичиндеги буктарды, нааразычылыктарды сыртка чыгарышы керек болчу. Кимден чыгарышмак? Албетте, бизден. Кыйын учурда ѳкмѳттүн ушул социалдык тармагын жетектеп келдим, оор күндөрдөгү бул багыттагы иштер менин мойнумда эле. Үй бетин көргөн жокмун, ар бир каза болгондордун, ооругандардын тагдырларын  жүрөгүмдөн өткѳрүп жаттым», - деди А.Исмаилова. 

“Кыйраткыч процесстер саламаттыкты сактоо системасына да кедергисин тийгизди, муну коронавирус эпидемиясы дагы бир жолу көргөзүп койду. Ошондуктан сапаттуу жана жеткиликтүү медицина менен камсыз кылуу -   “Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо» саясый партиясынын  приоритети”, - деди ал. 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер