Акыркы кабарлар
» Саясат » Темир Сариев саясый күрөшкө бел байлады, интеллигенция колдоого алууда
Темир Сариев саясый күрөшкө бел байлады, интеллигенция колдоого алууда
03-сентябрь, 12:42
1 491 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Камактагы экс-премьер-министр Темир Сариев Кумтөр аферасына тийешеси жок экенин айтып, болгону Динара Кутманованын жалган жалаасы үчүн жапа чегип атканын билдирген. Ошого катар аттуу-баштуулар, интеллигенция өкүлдөрү да Темикени жактап чыгышып, ак экенине ишенишерин айтышып, үй камагына чыгарууну бийликтен суранышкан эле. Бирок, ал түрмөдө кала берди. Албетте, ак менен караны ажыратуу үчүн убакыт керек. Темир Сариев өз чындыгы үчүн аягына чейин күрөшүүнү билдирип, белин бекем бууду. Бул да Кудайдын берген сыноосу го? Саясый кармаштардан сынбаган каарманыбызга сабыр, ден соолук берсин!
"Азия Ньюс" гезити