Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Путиндин досу болгон Атамбаевдин ордуна Сокенин мафиясы камалышы керек

Путиндин досу болгон Атамбаевдин ордуна Сокенин мафиясы камалышы керек

06-март, 13:20
816 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаров Россия менен Кыргызстандын ортосундагы бир туугандык жана достук мамилени калыбына келтирди. Россиядагы кыргыздар, Кыргызстандагы орустар илгерки СССР убагындагы жашоого кайтып келишти. Саясат, экономика, идеология, коопсуздук маселеси болуп, бардык тармактар боюнча өнүгүү жолуна түшүштү. Ток этер жерин айтканда, 30 жыл мурда адашып кеткен кыргыз эли акыры жүрүп өзүнүн бир тууган агасын тапты десек болот. 

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы саясатын жүз пайыз камсыздап бергени менен ички саясат абдан оор абалда турат. Анткени, буга чейин саясатты, геосаясатты түшүнбөгөн молдо чалыш адамды президент кылып алган кыргыз мамлекети мышык ыйларлык абалга туш болгон. Акыркы үч жыл ичинде коррупция менен мафияны “гүлдөткөн” Соке революциялык кырдаалды жаратып, өзү айдалып чыкты. Үч жылдын эки жылын Сокени бийликке алып келген экс-президент Алмазбек Атамбаевге асылып жүрүп коротту. Өзүнүн бир тууган иниси Асылбек менен бирдикте үй бүлөлүк-кландык-коррупциялык режимди орнотушуп, илгеркидей хандык бийлик түзүп алышкан. Соке өзү өтө эле тууганчыл, жердешчил, анүстүнө динчил  адам болгондуктан, өзүнүн айланасына өз адамдарын гана чогулткан. Үстүртөн караганда, илгерки таш доорундагы үңкүрдү ээлеп алган “вожак” сыяктуу “чужактарды” жакын жолоткон эмес. Анын ким экенин ачык айткан Атамбаевдин артынан сая түшүп, өзүнүн кекчилдигин жана кежирлигин көрсөттү. “Чимкирик” парламентти башкарып алган иниси Асылбек Алмазбек Атамбаевге асылган жагынан алдына эч кимди чыгарган жок. КСДП партиясын талашып, аны бөлүп-жарып, партиянын ар бир мүчөсү куугунтукка алынып жатты. “Чимкирик” парламенттин 120 депутаты 120 басмачыдай болуп үстөккө-босток чабуул коюшуп, Атамбаевге каршы мыйзамдарды чыгарып жатышты. 

Эки жыл бою наадандыгын көрсөткөн хандык бийлик үчүнчү  жылы беткабын сыйрып таштап, ачыкка чыкты. Коррупцияны гүлдөткөн мафия күчүнө кирип, кыргыз мамлекетин пулдап ийүүдөн мурда толугу менен парламентке келүүнү көздөшкөн. “У нас парламентаризм” деген Соке ОДКБ, ШОСтун жыйындарына формалдуу түрдө катышканы менен, эси-дартынын баары динди туу туткан Араб өлкөлөрүнө багытталган. Ал эми Араб өлкөлөрү болсо НАТОнун курамында болушуп, ошол эле диний караңгылыкты курал катары пайдаланып жүрүшкөнүн биздин Соке кайдан билмек эле? Күндө беш маал намаз окуп, ажылыкка барган мусулмандардын акчалары арабдар үчүн болуп көрбөгөндөй бизнес болсо, экинчиден, диний караңгылыкка чөмүлгөн мусулмандарды ич ара кайраштырып, ким каапыр экенин сөөмөйү менен көрсөтүп коюшса, бечара мусулмандар ич ара согуша башташат. Диний карама-каршылыктардан, диний согуштардан карапайым эл жабыркаса, пайдасын АКШ баш болгон капиталисттер көрүшөт. Эмне үчүн Кыргызстанда миңдеген мечиттер курулат да, жок дегенде ондогон мектептер, ооруканалар курулбайт? Анын себептерин түшүнүш үчүн кыргыз эли аябай илим-билимдүү болуп, марксизм-ленинизмден баштап бүгүнкү геосаясатты чемичкедей чагышы керек. 

Бирок акыркы 30 жылдан бери Кыргызстанда аң-сезим жагынан артта калып, бири-биринен эч айырмасы жок коммунисттик идеология менен улуттук идеологияны унутуп калышты. Тескерисинче, чала сабат капиталисттердин наадандык идеологиясын өздөштүргөн кыргыздар Отунбаева баш болуп митингдерде жүрүшөт. Пайдасынан зыяны көп болгон Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековду экс-президенттик макамынан, кол тийбестигинен ажыратып, түрмөгө камаш керек болчу. Кайсы кыйраткан иштери үчүн мамлекеттик резиденцияда мамлекеттин эсебинен багылып жатышат?

Буларды адегенде карылар үйүнө жайгаштырып, андан ары түрмөгө жөнөтсө, кыргыз эли ыраазы болмок. 30 жылдан бери капиталисттердин жетегинде калган кыргыз эли аларга жан тарткан эл душмандарын көкөлөтүп, капиталисттердин саясатын жүргүзгөн көкмээ президенттерди төбөсүнө көтөрүп, аларга экс-президент макамын, кол тийбестигин ыйгарышып сыйлап турушат. Башынан таяк кетпеген илгерки маңкурттар ким катуурак чапса ошону кожоюн катары көрүп, ошого гана баш ийишкен. Өз энесин жаа менен атып өлтүргөн маңкурттар В.Путинге окшогон өз агасын тааныбай, агасынын досун зынданга камап коюшкан. Маңкурттуктан сактаныш үчүн капиталисттердин наадандык идеологиясынан баш тартып, 30 жыл мурдагы коммунисттик жана улуттук идеологияга кайтып келишибиз керек. Коммунисттик идеологияны туу туткан Россия менен Кытай өнүгүү жолунда баратышат. Россия президенти Владимир Путиндин жакын досу болгон Алмазбек Атамбаевди түрмөдөн чыгарып, анын ордуна эл душмандары камалышы керек. Р.Отунбаева элди көтөрүп ызы-чуу салып турса, коррупция менен мафиянын башында турган С.Жээнбеков Араб өлкөлөрүндө арманын айтып Кыргызстанды артка тартып турса, президент Садыр Жапаровдун аракети текке кетеби? Эл душмандарына чара көрбөгөн кыргыз бийлиги элдин ишениминен кетип калышы мүмкүн.


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер