Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Бекешов: “Коррупциялык аракеттерге мунапыс берген туура эмес болот”

Дастан Бекешов: “Коррупциялык аракеттерге мунапыс берген туура эмес болот”

24-июнь, 00:03
407 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Дастан Далабаевич, комитеттин жыйынында сиз физикалык тараптардын активдерине мунапыс берүү боюнча мыйзамга каршы пикир билдирдиңиз. Мунун себебин эмне менен негиздейсиз?

-- Мен чындыгында активдерди мунапыс кылууну колдойм, мурда деле колдочумун. Ооба, салыктан, бажыдан качуу болсо, аларга мунапыс кылса болот. Ал эми коррупция болгондо, же ээлеген кызматынан пайдаланып, байып кетсе, аларга мунапыс берилгени туура эмес. Себеби, миллион, миллиардды уурдаса деле таза кишидей болуп калышат. Ал эми жөнөкөй жаран базардан килем, же аптекадан дары уурдаса, түрмөгө отурат. Бул туура эмес да. Теңсиздик, акыйкатсыздык болуп калат.

-- Сиз образдуу кылып айткандай, коррупционерлер шампан иче турган мыйзам болот турбайбы?

-- Аларга өтө сонун шарт түзүлүүдө. Кылмыш жоопкерчилигинин баарынан кутулат. Мурдагы архивдеги декларацияларды мамлекет жоготуш керек болот. Демек, бул атайын чиновниктер үчүн жазылган. Кечээ мен чыгып кеткенде Данияр Амангелдиев айтып атпайбы, “Бекешов долбоорду жакшы окубаптыр” деп. Мыйзамда так жазылган, баңгизат саткандар, терроризм, экстремизм менен аралашкандар кошулбайт. Калган чиновниктер, мейли ал алдамчыбы, ууру болобу, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

-- Бирок, кандайдыр бир жол менен көмүскө экономиканы жоюш керек да?

-- Негизи, мунапыс кабыл алынышы керек. Бирок, экономикалык кылмыш аракеттерине гана. Ал эми коррупциялык аракеттерге мунапыс берген туура эмес болот. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер