Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балдарга өзүнчө автобустар бөлүнсүн, же бекер жүрүшсүн!

Балдарга өзүнчө автобустар бөлүнсүн, же бекер жүрүшсүн!

09-ноябрь, 11:59
715 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эгер окуучулар айлык албаса, күнүнө 15 сомдон ары жакка, бери жакка болуп 30 сом. Отуз сомго тамак жешсе 60 сом. 20 күнгө 1200 сом. Үч бир тууганга 3600 сом. Энеси иштебеген окуучулар мындай акчаны каяктан табат? Менин баламдын сабагы 7.30да башталып, үйгө төрттө келет. Анын дагы бир сааты ары жакка, бир сааты бери жакка жолго кетет. Кызматка баргандай барып келишет. 8 саатта отуз сомдук тамак жешпесе өзөрүп калышат. Бирок, отуз сомго кайсы тамак келет?

Бир окуяны айтып берейин: жол кире 10 сом кезинде, мындан бир жума мурун кечкурун 216да кысылып-тыгылып келатканбыз. Шопурлардын оюна койсо машинасынын үстүнө деле киши алгысы келе беришет го. Ооздо тескери тургам, салондун ичин карап. Араң дем алып жатабыз. Бир маалда менден алыс орто ченде бир бала түптүз турган бойдон жыгылып, бирөөлөрдүн үстүнө ооп калды. Тыгында анын жыгылганын деле элес алышкан жок.

-- Ай, алдагы бала жыгылып атпайбы? - деп кыйкырсам, анын жанындагылар кичине орун бошотуп жылышса, жыгылып жатып калды. Ызы-чуу болуп кетишти. Кээ бирибиз суу сурадык. Эч кимде жок. Анда токтот машинаңы дедим шопурга. Тигилер да кыйкырып жиберишти. Көптөп сыртка көтөрүп чыгарып, эс алдыртышты. Достору жеткирип коюшар деп шопур маршрутту от алдырып жүрөйүн деп жатканда жанындагы балдар тиги жыгылган баланы таштап коюп эле чыгып алышты. Көрсө, алар бири-бирин таанышпайт экен. Кайра каңкылдап баштадым, баланы кайра сала кетели деп. Айдаганы жаткан шопурду айттым, эгер бала бир нерсе болсо, сен жооп бересиң, токтот деп. Кайра сүйрөп келип салышты эле бирөө орун берди. Бул Айни көчөсүнүн караңгы жери эле. 

-- Башың ооруп атабы? Мурда да ушинтчү белең? - десем, бала “жок, бүгүн сабакта кечке ачка жүрдүм эле” дейт. Мектебин, классын айтпай эле коёюн, бирок, жаш баланы кечке мектепте ачка кармап иштеткен мугалимге наалат дедим да, Рабочий городоктон баланы түшүрүп, такси менен кет деп 200 сом бердим. Мен да түшөйүн десем, “жок эне, түшпөңүз, жакшы болуп калдым, сизге чоң ыракмат айтам” деп түшүп барып, аялдаманын отургучуна отура калды. “Такси кармай аласыңбы?” десем, “азыр нан алып жейм, анан кетем” деп колундагы мен берген акчаны көрсөттү. Күндө акча менен жүргөн жаным, ошол күнү балама куртка ж.б. кийим алып, жанымда 200 эле сом калганына аябай кейидим. “Тамагыңа” деп 500 сом карматып койсом болбойт беле?..

Анан ушу балдар күнүнө 60 сомду кантип табышат? Атасы да, энеси да иштеген окуучулар бар, же тескерисинче, экөө тең иштебегендери бар. Же атасы да, энеси да жок окуучулар бар. Тоголок жетимдер бар. Аларга пособия берип атабыз деп эки жарым миң төлөп коюп, кебелбеген бийлик бар. Себеби, аларда баары бар. Элди тоноп жегенден биздин мамлекеттин чоңдору уялбайт. Окуучулар үчүн автобус каттатып койсо неге болбойт? Биздин өлкөнүн эли өмүр бою эле бийлик башчыларын тоюнтуп, багып, семиртип, былчыйтып-былтыйтып келатат. Ошолор тоноп, уурдап кеткен казынанын акчаларын тонотпой, эмне үчүн автобус сатып алышпайт? 

Жалаң эле маңкурт, тупой, көкмээ, чимкирик чоңдорду багып жүрө берип, эл жардыланып баратат. Ушул маселени да бир караштырып көптөп кол чогулталы. Балдарга өзүнчө автобустар бөлүнсүн, же бекер жүрүшсүн! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер