Жолдошум мени алганына өкүнүп, көңүлдөшүнө кат жазып жүрүптүр...

Мен азыркы убакта жылуу сөзгө, эркелегенге зармын. Жолдошум бир келинди сүйүп калган экен, ал менен жазышканын окуп, экөөбүз урушканбыз. “Болду кечир, жазбайм” деген. Бирок жолдошум жарым жылдан бери эле жазып, чалып да жүрүптүр. Мага айтпаган сөздөрдү ага арнап, мени аябаган ал келинди аяп, мени алганына өкүнүп жүргөнүн жазыптыр. Бул каттарын окуп, аябай ызылдаштык, ыйладым, “ажырашам, кетем” десем, кызымды бербей, кетирбей койду. “Шайтан азгырды, күнөө менден кетти” деп кечирим сурап алып калды. Бул окуядан кийин көңүлүм калды, ишеничтен да чыкты. Бирок арадан төрт ай өтсө да унуталбай келем. “Каерден ката кетирдим?” деп өзүмдү жемелейм. Телефон кармаса эле “жазышып атабы, сүрөтүн карап атабы?” деп шекший берем. Азыр күйөөм экөөбүздүн ортобуз алыстап калды, күндүз кечке жумуш менен жүрөт, кечинде болсо экөөбүз тең тетири карап жатабыз. Экөөбүз урушканда "мен эмне аны менен жатып алдымбы, жөн эле жазыштым го?” дейт.
“Эркектер кырктын кырында кутурушат” дегенди көп укчу элем, көрсө, чын турбайбы. “Үй-бүлөбүз, балдар бар” деп жакшы мамиле кылып, сүйлөп, аракет кылдым, болбой койду. Азыр жолдошума көргөзбөй кечке ыйлайм. Бир көңүл калган соң кайра калыбына келтире албайт экенсиң. Андыктан, үй-бүлөңөрдү көздүн карегиндей сактагыла!
Махабат
"Азия Ньюс" гезити