Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Абдыкадыров: “Бизге гезит керек, №2 мончонун буусуна камсанабагыла, эмен багына кам көрүлөт”

Эмил Абдыкадыров: “Бизге гезит керек, №2 мончонун буусуна камсанабагыла, эмен багына кам көрүлөт”

13-июль, 13:25
222 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эмил мырза, ордо калаабыздагы гезит-журнал саткан күркөлөрдү тартипке келтирүү иш-чараңызды колдобогон жан жок. Ошол эле учурда гезит-журналдарды таркатуу жагына тоскоолдуктар жаралып жатканын байкайбыз. Сиздин кол алдыңызда иштеген кызматкерлер өздөрү сунуштаган эскиз менен жаңы жасаткан күркөлөрдү деле жаратпай, анын ээлери нааразычылык билдиришүүдө. Коомго гезиттин кереги жокпу, сатылбай калсынбы? 

-- Ооба, туура маселе көтөрүп атасыз. Гезит бизге керек, сатылышы зарыл. Бул маселенин көтөрүлгөнүнө эки ай болуп калды. Эскиздик долбоор жасап, дизайны менен сунуштадык. Бир топ адамдар мага келишип, алар менен жолуктум. Биз көргөздүк, “момундай дизайн менен жасап келгиле. Так ошо жерге уруксат беребиз, маселе жаралбайт” дедим. Бирок, кээ бир күркө ээлери баягы эле темирден жасалган, ар кандай сырлар менен сырдап, эптеп чампалап койгондорун жаратпай атабыз. Учурдан пайдаланып дагы бир нерсени айтып кетейин, кыш-жай аялдамаларын борбордук көчөлөргө ачканы жатабыз. Ал жерде кондиционер, кофе иче турган жайы болот. Гезит-журнал сата турган күркөлөрдү да койсо болот. Бу жагын карап, сынак жарыялап атабыз. Эгер кимде-ким конкурска катышууну кааласа, буга да каршы эмеспиз, колдойбуз.  

-- №2 мончону бузуп, анын ордуна социалдык мончо куруларын коомчулукка жар салдыңыздар. Өз учурунда буусу сонун болгондуктан карапайым элдин аягы үзүлчү эмес. Ошо буусу калыбына келгидей кылып саласыздарбы, баасы кандай болот жана качан бүтөт?

-- №2 мончонун жабылганына 7-8 жыл болуп калды. Мен да сизге окшоп ар кандай сөздөрдү укчумун, “сатылып кетиптир”, “ал жерге кафе-ресторан, турак үй курулат экен” деп бирөө айтса, дагы башкасы “жараксыз абалга туш болуптур” деген таризде. Ооба, бир кезде ордо калаада социалдык негизде буулары сонун мыкты 7-8 мончо болор эле. Бирок ушулардын баары коммерциялык болуп кетти. А биздин шаар тургундарынын коммерциялык, миң сомдук мончолорго түшө турган шарты жок. Ошон үчүн шаар бюджетинен 100 миллион сом бөлүп берип, ал мончону азыр бузуп бүттүк. Жакында негизги курулуш иштерин баштайбыз. Ашып кетсе бир жыл сегиз ай, болбосо андан да эрте бүтөт. Буусу кадимки Жумушчулар шаарчасындагы мончодой болот. Эл түшө тургандай кылабыз, чийки же чала болбойт. 

-- Шаардын көркүн жанагы курт жеген эмен бактары бузуп атат. Булар качан өз убагында дарыланат жана мурунку калыбына келтиресиздерби?

-- Чынында эле көп жылдардан бери эмен бактарыбыздын абалы ушундай болуп калды. Илимдер академиясы менен айыл чарба министрлиги бир дарысын таап беришкен. Ал кээ бир жерлерине эффект берсе, айрым дарактарды дарылабай жатат. Анан бир жума мурун бул маселеге кайрадан кайрылдык. Мен шаар мэри болуп келгиче “активизация” деп “Зеленстрой” парктарды тейлөө башкармалыгы ж.б. болуп бир кызмат кылып койгон экен. Ушу жерден да кемчилик кетти. Себеби, алар оперативдүү түрдө иштей алышкан жок. Эмдиги жылдан баштап мунун баарын жолго коёбуз.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер