Жалпы системанын айыбын жалгыз моюнга көтөргөн Райым Матраимов
Ириде башкы каарманды актоо же мактоо эмес. Кеп реалдуу чындыкты көрө билүүдө. Райым Матраимов канчалык деңгээлде бажыдагы күмөндүү иштерге аралашты, балким каралоонун төө бастысында калдыбы? Баарын мезгил аныктайт. Андыктан, эртелеп эле бүтүм чыгаруу менен көө жаба берүү аша чапкандык.
Эгерде ал мамлекеттин ырыскысына кол салса, анда Аскар Шадиевдин мисалындай качып кетмек. Райым Матраимов байма-бай саясый оюндардын “курмандыгына” айлана жаздап, ошол эле Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдун бийликтеринин учурунда далай текшерүүлөргө алынды. Эки режимде тең моралдык-психологиялык кысымдарга кабылып жүрдү. Анан төңкөрүш болуп, жаңы бийлик алапайын таппай атканда чет өлкөгө кетип калса болот беле? Ооба, эч ким тапмак эмес. Бирок, Райым Матраимов мыйзам алдында күрөшүүдөн качпай, өз чындыгын далилдөө үчүн УКМКга келди. Кыргыздын намыстуу уулу гана ушундай кадамга барат. Эл кыйналып турганда 2 миллиард сомду мамлекетке төлөп берүүсүн кезектеги жардамы катары түшүнөбүз. Бийликтин маанайына жараша ар кандай кылмыш иштери козголушу мүмкүн, а жыйынтыгы жараткандын амирине жараша чечилет.
Райым Матраимов буга чейин деле бир топ жылдар бою миңдеген адамдарга көмөк көрсөтүп келди. Өзгөчө пандемия айларында гуманитардык колдоодон аянбай, о.э. дары-дармектерди, медициналык жабдыктарды камсыздап, обсервацияларды ачканы эсибизде. Кыргызстанда белгилүү да, белгисиз да байлар көп. Иш жүзүндө алар анчалык ачылып-чачылбайт го?
Атамбаевдин бийлигинин учурунда Кубанычбек Кулматов эки ирет бажы кызматына төрага болду. 2010-жылдан бери аталган тармактан канчалаган жетекчилер, алардын орун басарлары алмашты. Ал эми Райым Матраимовдун бажыдан кеткенине үч жылга аяк басты. Мурдагы коллегалары деле түшүнүштү го: жалпы системанын айыбын жалгыз моюнга көтөрүп атканын... Башкалар “сүттөн ак” болуп, бир гана адамды күнөөлөй беребизби? “Топурагы жеңил” дейт. Жалаа, сөздөр жабыша бергени таңгалдырууда.
Эртеби-кечпи, кимдин ким экени билинет. Эң оболу, мамлекеттин казынасына кол салгандар башка адамдар болуп чыксачы? Негизинен Райым Матраимовго карата шоу жүргүзүлүп, кара пиарлар, божомолдор айтылып келди. Коррупцияга аралашканы боюнча конкреттүү фактылар жок.
"Азия Ньюс" гезити