Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутат Шайлообек Атазовду ИИМдин полковниги камакка аларда ким токтотту?

Депутат Шайлообек Атазовду ИИМдин полковниги камакка аларда ким токтотту?

03-июнь, 10:17
2 056 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Билими тайыз, бирок омуроолоп сүйлөгөндүн кыныгын алган Шайлообек Атазов аттуу депутат бар. Убагында “Улуттар Биримдиги” аркылуу “Ата Мекен” партиясынын тизмесине кирип, эми фракциянын позициясын булгап отурат. Кайсы маселе болбосун түшүнсө-түшүнбөсө деле сөзгө аралашып, үн кошо берет экен. Элдин таламын талашып аткандай чекесин тырыштырып, тиштенип сүйлөсө, ары жагында данеги барбы (?) деген таризде байкайсың да. Ташбалакет жок! Тек гана жарма популизм, арсылдап үрмөй сыяктуу. Эмне үчүн муну сындап атабыз? Бизге жеткен “суук” кабарга караганда, жакында ИИМдин абройлуу полковниги фактыларга таянып, эски иштерин казып чыгып, Шайлообек Атазовго кылмыш ишин козгоо менен камакка алууга белсенгени, ал ортодо жогору жактан токтотуп калганы ыраспы? “Ал депутат азырынча бизге керек, пайдаланабыз” деген ишарат ачыкталабы? Дал ушундай суроолордон кийин кызык жагдайлар алдыда го? Көңүл кош калтырбайбыз... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер