Бүгүнкү кыргыз илиминин эң башкы көйгөйлөрү эмнелер?
Окумуштуулардын жөнөкөй адамдардан кескин түрдө айырмаланып кеткен деле касиеттери жокко эсе. Алар дагы көп адашышат, жаңылышат. Чындыкты өздөрү каалаган маанайда чагылтып же түшүнүп алышат. Анан жөнөкөй адам катары эле мактанышат, актанышат. Бири-бирин колдошот же карасанатайлык иштерди кылышат, ж.б. “пендечиликтер”. Бирок, алар башка кесип ээлери сыяктуу эле өзүнүн бийликтегилеринен жардам үмүт этишет, күтүшөт же түңүлүшөт. Бирок, чыныгы окумуштуу баары бир эч качан илим изилдөө иштеринен биротоло оолактап кете алышпайт. Баштан өтүп жүрөт. Демек, илимий-техникалык прогресстин бирден-бир локомотиви болгон илимий чөйрөнү мамлекет өзү кастарлап колдоп, анан андан натыйжа күтүүгө акылуу.
Менин оюмча, азыркы кыргыз илиминин астында төмөнкүдөй 8 көйгөйлүү маселелер турат. Бул тизме менин гана жекече көз карашым деп билиңиздер! Бул жерде пейилиме мүнөздүү болгон адатыман кайтпай, ошол 8 көйгөйдү чечүүнүн жолдорун кошо чагылдырууга аракет кылдым. Менин илим жана билим берүү чөйрөсүнө түздөн-түз катышып жүргөн эмгек стажыма быйыл 47 жыл толду!
1. Каржылык кыйынчылыктар
Бул маселени өлкөбүз 1991-жылдан бери эле бир жаңсыл чече албай келет. Илимге деп бөлүнгөн каражаттын ИДПна болгон үлүшү араң эле 0,12% түзөт, б.а. дүйнөдөгү эң аз көрсөткүч! Окумуштуу өзү жана ал эмгектенген илимий ишкана, университет же тармактык мекемелер кошумча гранттарды издөөгө аргасыз болуп келишет. Анан калса, ири бюджеттик акчалар ошол илимий мекемелердин “сүймөнчүктөрүнө” жараша көмүскө түрүндө бөлүнөт. Негизги көрсөткүч – бул кимиси канча “илимий макалаларды” жарыялаганы болуп эсептелет. Ошондуктан профилдик илимий мекемелер макалалардын санын көбөйтүү боюнча “көк бөрүгө же аламан байгеге” жанталашып катышышат. Бул жерде илимий иштердин сапаты эч кандай деле роль ойнобойт! Ошондуктан, бул каржылык туңгуюктан чыгуунун 3 жолу сунуш кылынат:
-- мамлекеттик жана гранттык акчаларды бөлүштүрүүнү ачык конкурс менен уюштуруу. Фундаменталдык жана гуманитардык илимдер мамлекеттик фонддорун чукул арада түзүү өтө зарыл;
-- өлкөнүн илимий приоритеттерин президенттик жарлык менен аныктап туруп, мамлекеттик каржыны кескин түрдө көбөйтүү;
-- КУИАнын институттарынын, университеттердин, тармактык илимий институттардын жана борборлордун штаттарын кыскартуу аркылуу илимий изилдөөлөрдүн сапатын көтөрүү жолуна түшүү.
2. Жалган илимий идеялар менен максатсыз изилдөөлөрдүн тузактарына илинип алуу
Жалган илим (лженаука) илимий чөйрөбүздү биротоло бийлеп алгандай. Окумуштуулар илимге болгон чыныгы ири салымдар же илимий тажрыйбалардын тазалыгына көңүл бурбай эле, эптеп бир псевдосенсация жаратуу менен алек болуп жүрүшөт. Жаңы алынган илимий жаңылыкка тез арада баа бере турган системаны түзүүдөн баш тартып келишет. Анализ жасоо, кынтыксыз тыянак чыгарууну унутуп калышкандай. Анын ордуна бири-бирин мактап-жактап, көкөлөтүп жарыялап калышат. Чындап изилдеп келсең, аталган “илимий “ачылыш” “эшектин тушоосун дагы чечпейт”. Натыйжада, чалагайым диссертациялар “жаз нөшөрүнөн кийин жамырап чыгышкан козукарындардай” болушуп, илимий коомубузду каптап, думуктуруп жатып калышат. Ушундай туура эмес мотивациядан чыгуунун 2 жолун сунуш кылмакчымын:
-- илимий иштердин анализдөөнүн такыр башка системасы керек. Ал ачык мүнөзгө ээ болуп, жалпы илимий коомчулуктун көзөмөлүндө болуусу абзел;
-- ал же бул купулга толгон илимий изилдөөлөрдү сыйлоо жана колдоо көрсөтүү системасын кайрадан иштеп чыгуу зарыл.
3. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгын кынтыксыз кайра кайталоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу
Бул көйгөй маселеге өзгөчө көңүл буруу керек. Анткени, мындай кошумча изилдөөлөрдү уюштурууга баардык эле окумуштуулардын моюндары жар бере бербейт. Себеби, ал ишке кошумча каражат, убакыт жана энергия кетет. Анан калса, алынган илимий иштери кайталанбай калсачы? Ошондуктан бир эле жолу алынган жыйынтыктарын бурмалап, көбүртүп-жабыртып макала жаза коюп, жарыкка чыгарып жиберет. Бул илимге болгон чыккынчылык! Мындай абалдан чыгуунун 2 жолу бар:
-- илимий институттар менен жеке окумуштуулардын ортосундагы эмгек келишимин кескин өзгөртүү. Жумушка кирген изилдөөчү өзүнүн илимий эмгектеринин тазалыгын ошол ишкананын аброю катары сезүүсү абзел. Илимий мекеме окумуштууну узак мөөнөткө жумушка алып, ага социалдык гарантияларды уюштуруп берүүсү зарыл. Ошондо гана изилдөөчү өзүнүн жекече жоопкерчилигин сезет, таза иштейт;
-- окумуштуунун илимий көрсөткүчтөрүнө катуу талаптар коюлуусу зарыл. Ар бир изилдөөчүнүн жаңыдан алынган илимий жыйынтыктарынын кандай жол менен ишке ашкандыктары жөнүндө толук маалымат берилүүсү милдет. Ушундай талаптар болсо гана окумуштуунун эмгегин кайталоо процесси жеңилдейт.
4. Илимий иштерди рецензиялоо процесстеринин кризиси
Илимий ишти таза рецензиялоо абдан маанилүү. Анткени, так ушул маанилүү процесс гана жаңыдан жаралган ал же бул илимий эмгектин “алсыз”, жалган же “псевдоилимий” бир балакет экендигин тастыктайт. Ооба, көпчүлүк илимий басылмалар татаал анонимдик системаны колдонушуп, редакцияга келип түшкөн илимий макалаларды көз карандысыз адистерге рецензиялоо үчүн жөнөтүп турушат. Бирок, мындай классикалык ыкма соңку жылдары иштебей калды. Анын пайдалуу аракет коэффициенти нөлгө жакын. Эмне үчүн? Анткени, рецензенттер каралып жаткан илимий эмгекке үстүртөн эле баа берип келишет. Себеби, рецензенттин өзүнүн дагы колу бошобойт. Ал өзү илимий иштер менен алек, лекция окуйт, практикалык сабактарды өткөрөт. Анан акырында эстей коюп, бир нерселерди чиймелей салат. Анүстүнө рецензентке бир тыйын дагы төлөнбөйт. Эмне кылуу керек?
-- текшерүү системасын максималдык түрдө ачык-айкын уюштуруу зарыл. Ошондо гана каралып жаткан макалага ким рецензия берген, анан калса эмне үчүн сапатсыз эмгек оң баага татып калган, мындай опустун автору ким эле, ж.б. терс көрүнүштөр ачыкка чыкмак.
5. Илимге болгон акы төлөө азабы
Тилекке каршы, илимге татыктуу кирип, андан өз ордун табуу маселеси келип-келип эле каражатка кептелип, байкуш окумуштуунун айласын кетирип келүүдө. Бир макаланы олбурлуу эл аралык журналга жарыялоо эбегейсиз зор акчаны талап кылат. Мындай физикалык басылмалар окумуштуудан акча алгандары аз келгенсип, изилдөөчүнүн интеллектуалдык менчигине дагы ээ болуп алышат. Анткени алар өздөрүнүн журналдарын дүйнө жүзү боюнча миңдеген тиражда сатышат. Натыйжада, мындай журналдар эбегейсиз байып келишет. Мисалы, “Elsevie” басмаканасы 2022-жылга эле 3,5 миллиард доллар акчага туйтунган! Мындай туңгуюктан чыгуунун бир эле жолу бар:
-- азыркы күндө окумуштуулар илимий журналдарга гана жарыяланышын каалашат, анткени, анын келечеги белгилүү, б.а. макалаң чыкты, элдин баары көрдү. Бирок, муну түп-тамырынан бери өзгөртүүгө убакыт келди. Болбосо, “бармак басты көз кысты” болуп, монетизция доору улана берет. Акчалуу, бирок жөндөмү чектелүү окумуштуу болумуштардын күнү тууйт. Анан калса бир макаланы журналга жарыкка чыгаруу үчүн 1-2 жыл убакыт кетет. Ошондуктан ачык булактарга кайрылуу заман талабы болуп турат. Азыр дүйнөдө көптөгөн профилдик интернет сайттар бар. Алар окумуштуунун эмгектерин дароо эле окурмандардын назарына жеткире алышат. Баары ачык мунөздө. Плагиат дароо эле билинип калат. Башка маселе, биздин өкмөт ошондой сайттардын статусун мыйзамдаштырып берүүсү максатка ылайыктуу болмок.
6. Жарандардын илим изилдөө иштери жөнүндө эч кандай кабарлары жок
Башкы көйгөйлөрдүн бири катары адамдарда илим жөнүндө маалыматтардын жоктугун, аз экендигин же болбосо туура эмес пикирлердин орун алгандыгын айтууга болот. Алтурсун кээ бир олбурлуу эле журналдар ачык-так илимий фактыларды адаштырып жарыялап жүрүү учурлары көбөйүп бара жатат. Бул чоң зыянкечтик! Мен өзүмүн автордук “Илим жана турмуш” теледолбоорумда көп терс окуяларды байкадым. Окумуштуу өзүнүн илимий жетишкендиктерин ар дайым эле жатык тил менен түшүндүрө албай калат. Анын мындай кемчилигин айыптоонун кереги деле жок. Болгону аны чеберчилик менен популяризациялоо абзел. Анан калса, кээ бир окумуштуулар өздөрүнүн болор-болбос эмгектерин ММКлар аркылуу өтө эле көкөлөтүп жиберишет. Анализдеп келсең ичи көңдөй. Аны байкагандар иренжишип илимпоздорго болгон ишенимин жоготуп коюшат. Албетте, ар бир окумуштуу өз эмгегинин үзүрүн көрүүгө ынтызар. Бирок, биздин өлкөдө мындай баага татыктуулар өтө эле аз. Көбүнесе плагиат менен күн көргөндөр же илимий шылуундар пайдаланып кетишет. Бул маселени төмөнкүдөй жол менен чечүү сунушталат:
-- ММКлар илим жөнүндөгү билдирүүлөргө көп көңүл бөлүп, өздөрүнүн көз караштарын оң жакка буруулары зарыл (ар дайым эле илимпоздорду жамандай бербей). Баардык редакторлор алдыңкы окумуштуулардан турган атайын комиссияларды түзүп алышса дурус болор эле. Алар чыныгы илимий жетишкендиктерди ылгап берип, ММКнын компетенттүүлүгүн жогорулатмак;
-- бул көйгөйдү чечүүдө окумуштуулар өздөрү активдүү болуулары зарыл. Алар өздөрүнүн илимий ийгиликтерин сайттар, блогерлер аркылуу тынымсыз элге жеткирип турууга ким тоскоол боло алат? Мен канча окумуштууларды өзүмдүн теледолбоорума тартууга жан үрөп аракет кылып, араң көндүрүп келем. Менимче, КУИАнын структурасында атайын илимдин тарыхы, философиясы жана аны популяризациялоо боюнча түзүм ачууга убакыт келди;
-- мектептерде жана кесиптик окуу жайлардын баардык деңгээлдеринде илимди даңазалоо жана популяризациялоо боюнча атайын иш-чараларды уюштуруу азыркы мезгилдин курч талабы болуп келет. СССРдин учурундагы өтө пайдалуу “Билим” (знание) коому кайда жок болуп кетти? Аны жандандырууга канча аракет кылдым?! Бирок, ушул күнгө чейин оң натыйжа бербей келет.
7. Окумуштууулардын “стресстик” көйгөйлөрү
Окумуштуулар коомубуздун аярлуу катмарына кирет. Алар күнүмдүк турмушта эбегейсиз зор көйгөйлөр менен стресстердин кучагында калып жашашат (бул жерде илим шылуундары эмес, чыныгы илимпоздор жөнүндө сөз болуп жатат). Мисалы, улгайган жана тажрыйбалуу илимпоздор убакыт өткөн сайын көз карандысыз жашоого өтүп кете алышса, жаш таланттардын, илимий статус менен күн көрүшү, жашоо мүмкүнчүлүктөрү уламдан-улам татаалдашып бара жатат. Анткени, азыркы Кыргызстандын илимий системасы жаш окумуштуулардын карьердик тепкичтер аркылуу көтөрүлүүсүнө кол жеткис тоскоолдуктарды жаратып койгон. Жаш адис ондогон жылдар бою “колу түктүү, “пахан” окумуштуунун” жардамчысы болуп иштеп жүрө берет. Стимул жок. Анүстүнө “өлгөнгө көмгөн болуп”, жаш байкуштун эмгек акысы дагы мышык ыйлагыдай абалда болуп келет. Кээ бир жаш таланттар үй-бүлө күткөндөн дагы заарканып калышты. Алар дилеммага чалдыгышат: үй-бүлө куруу же илимий карьераны түзүү. Акырында көптөгөн таланттар башка жумушка кетүүгө аргасыз. Эмне кылуу керек? Бул көйгөйдү алдыңкы өлкөлөр эбак эле чечип коюшкан:
-- жаш окумуштууларды тандап алууда өзүбүздү чырмооктой болуп терең ороп алган тааныш-билиш, кандаш-урук, жердешчилик жана паракорлук адаттарды түп-тамыры менен кыркып салуу зарыл. Бул масштабдык иш болгондуктан негизги оюнчу бийлик өзү болушу абзел. Президенттин өзүнүн карамагында болуусу шарт. Илимий ишканалардагы жогоркудай терс критерий-түшүнүктөрдүн бекем орун алып калганын кашкайтып эле ачык чыгарып жарыялап койсок болот;
-- илимий мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо жаш окумуштуулардын өзгөчөлүгүн жана алардын илимий табитин эске алган саясат керек.
8. Илим саясатын жаңыдан администрациялоо зарылчылыгы
Биздин учурдагы илимди структуралоо абалыбыз заман чакырыктарына туура келбей калды. Калкыбыздын СССРден калган сабаттуулук деңгээли, тилекке каршы, төмөндөп кетти. Баалуулуктар өзгөрдү. Билим берүү системасы канчалык талапка жооп берери мектептен жана мектепке чейинки мекемелердин иш аракеттеринен көз каранды болуусу күчөгөн мезгил. Илим, инновация жана жаңы технологиялар чөйрөсү дүйнө жүзүндө биринчи орунда турат. Бизде баары аралашып калган: же окутуп жалчыбадык, же илим иштерин дурустап жолго сала албай келебиз. Бюджет билим берүүгө эбегейсиз каражаттарды бөлүп келет, бирок сапат начарлап, сабатсыздык күч алууда. Аткаруу бийлиги илим изилдөөлөргө акча беримиш болот, ал эми окумуштуулар болсо иштемиш этишет. Абал ушундай! Эмне кылуу керек? Менимче, көңүл бура турган багыт мындай:
-- илим, жаңы технологиялар жана жогорку окуу жайлары боюнча өзүнчө министрлик түзүү иши замандын курч жана кечиктирилгис талабы болуп турат. Кошуналарыбыз Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россия мамлекеттеринде так ушундай. Алар мындай түзүмгө эчак эле келишкен жана илим менен жогорку окуу жайларын эффективдүү администрациялоону камсыз кыла алышты. Эл агартуу министрлиги жалаң гана мектепке чейинки, мектеп жана мектептен сырткары окутуу, тарбиялоо процесстери менен алектенишин камсыз кылуу керек;
-- жаңы түзүлгөн илим министрлиги КУИА жана өтө эле көп сандаган тармактык илим изилдөө институттары жана борборлору менен алектенип, алардын оптималдуу варианттарын кайрадан куруп чыгуу укугуна ээ болуусу абзел. Эң башкысы, бюджеттик, гранттык, венчурдук, меценаттык ж.б. толгон-токой каражаттар бир гана конкурстук негизде, атайын түзүлгөн илимий фонддор аркылуу каржыланышы максатка ылайыктуу. Дүйнөлүк практика так ушундай.
Биз чыныгы маалымат эркиндиги жана укмуштуудай жаңы мүмкүнчүлүктөр орун алган доордо жашап жатабыз. Кайсы өлкө жалкоолонсо же моюн толгоп отура берсе, ал прогресстен артта калганы. Элинин эле шору болот. Курулай мактанып, “чымынды пил катары” чоңойтуп көрсөтүп, “төө куштай башты кумга тыгып алып” жашай берген заман бүттү. Кечээги эле өтө перспективалуу деп саналган нанотехнология, биотехнология, маалымат технологиясы жана когнитивдик технологиялар бүгүн өздөрүнүн позицияларын жасалма интеллект (AI), нейрондук сеттерге, ж.б. ультраинновациялык технологияларга орун бошотуп бере башташты жана бул процесс өтө тез ылдамдык менен ишке ашып бара жатат. Эски журтта калып калбайлы, мекендештер!
Каныбек Осмоналиев, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, профессор
18-июнь, 2024-жыл
"Азия Ньюс" гезити