Кыргызстанда COVID-19дун “альфа” жана “бета” варианттары аныкталды
Өлкөдө COVID-19дун “альфа” жана “бета” варианттары аныкталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өлкөдөгү кеңсесинин башчысы Назира Артыкова брифинг учурунда билдирди.
Ал белгилегендей, ушул жылдын апрель айында Кыргызстанда В.1.1.7 (“альфа”) вариантынын штаммы табылган, ал эми июнда В.1.351 (“бета”) варианты табылып, чоң тынчсызданууну жаратууда.
Мындан тышкары, ал Кыргызстандын калкынын эмдөөдөн өтүшү тууралуу айтып берди. Бүгүнкү күнгө карата 849 миң 576 адам эмдөөдөн өтүп, алардын 8,8 пайызы вакцинанын биринчи дозасын, 3,9 пайызы экинчи дозасын алган.
Ошол эле учурда эмдөөнүн темпи мурунку аптага салыштырмалуу 40,9 пайызга төмөндөп, чоң өкүнүчтү жаратууда.
“Вакциналар варианттардан келип чыккан оор илдеттерге каршы эффективдүү, бирок глобалдык түрдө COVID-19га каршы вакциналарга бирдей жана акыйкат жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселеси чечилбесе, варианттар пайда боло бериши мүмкүн” деп жыйынтыктады Назира Артыкова.