Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баягы мушташкан “мас полковник” Алмаз Усеналиевдин дайыны Бишкек ШИИБден угулду

Баягы мушташкан “мас полковник” Алмаз Усеналиевдин дайыны Бишкек ШИИБден угулду

18-октябрь, 00:45
1 228 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эсиңерден чыкпаса керек. Кочкордо уюшкан кылмыштуу топтор ишкерди коркутуп-үркүтүшүп, милицияны каакы ордуна көрүшпөй, чоң жаңжал чыккан. Ошондо бир катар “кызыл шапкечендер” жазаланып, кызматтарынан айрылышкан эле. Андагы Нарын ОИИБнин кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы Алмаз Усеналиев шалаакылык кылганы үчүн айыпталып, жумушунан кеткен. Убакыттын өтүшү менен ал Ош ОИИБнин орун басарлыгына дайындалып, бирок көп өтпөй ИИМге көө сүрткөндөй “пок” басат. Алмаз Усеналиев мас абалында коллегасы менен мушташып, кызыл-жаян канга боёлушуп, сүрөттөрү интернетке чейин тараган. Кайрадан кызматтан кетет. Ошентип, колоктоп бош жүргөн. Бирок, из сууткан “мас полковник” жакында Бишкек ШИИБнин кылмыш иликтөө башкармалыгына бөлүм башчы болгону кабарланды. Жер-суунун баарын курутуп келген бул эргул эми эмненин ичинен чыгат болду экен? Абийири төгүлгөндөн соң, тынч эле пенсияга кетип калбай, кызматка тырышканын карабайсыңарбы! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер