Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Манас Осмон, журналист: “Мыйзамсыз жашаган байлар өлкөдөн качып атышат”

Манас Осмон, журналист: “Мыйзамсыз жашаган байлар өлкөдөн качып атышат”

21-декабрь, 21:20
1 076 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өлкөдөн убактылуу түрдө чыгып кетишкен саясатчылардын, мурдагы чиновниктердин, бизнесмендердин катарлары калыңдаптыр. Буга кандай ойдосуз?

-- 1995-жылдагы менчиктештирүү саясаты бир топ алешемдиктерди кошо ала келди. 30 жыл аралыгында мамлекеттин мүлктөрү таланып-тонолду. Мындай аракет саясатчылардын, байлардын табиятын андан бетер бузду. Калк кедейлешти. Туура бийлик мындай башаламандыкка чекит коюшу керек эле. Менимче, ошол процесс учурда жүрүп жатат. Албетте, мыйзамсыз жашагандар өлкөдөн качат. 

-- Мындай көрүнүш келечекке карай кандай таасир этет?

-- Кийинки муун өлкөсүн тонобойт, мамлекеттик мүлктөрдү итбекер ээлеп калганга аракет кылбайт. Мунун жаман экенин түшүнөт. Ошондуктан, өлкөсүн тоноп качкандарды келечек муун кечирбейт деп ойлойм.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер