Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президентке кеңешимдин кереги тийеби?

Президентке кеңешимдин кереги тийеби?

06-февраль, 01:25
376 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кадырлуу кыргыз элим!

Урматтуу Сооронбай Шарипович!


26 жыл бою эгемендүүлүгүбүздүн башатынан бери Кыргыз Республикабыздагы иштеп кеткен төрт президент, Жогорку Кеңеш, сот, прокуратура-көзөмөлдөө, УКМКнын тергөө тармактары, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик, айыл өкмөттөр, баардык бийлик бутагындагы кызматчылардын жоопкерчиликсиз мамилесинен же болбосо кызмат абалын өз кызыкчылыктарына пайдаланып келишкендиктен, байма-бай, дембе-дем коррупция мүнөздөгү кылмыштуулукка жол берилип, 1991-жылдан бери эл, мамлекет байлыгы эсепсиз  таланып-тонолуп келген, учурда тымызын дагы эле уланууда.  

Крыловдун тамсилиндей, ар бир бийлик тармагы өз кызыкчылыгын  эгемендүүлүктүн ээси кыргыз элинин келечегин, кызыкчылыгын жогору баалабастан, өздөрүнүн өнөкөткө айланган алдым-жуттумун жүзөгө ашыруу кесепетинен карыздын сормо сазына батырып, мамлекетибиздин көз карандысыздыгына кооптуу жагдайларды жаратууда. 

Кыргызды кырк муунга: түндүк-түштүккө бөлүп, 80ден ашуун улуттарды сатып алып, ыдыратып, миллиарддаган бюджеттик акчаларды ылайыксыз өз көмөчүнө сарптаган партиялардын парламенттик бийлигинин кереги барбы элибизге?

Ашынган жемкорлуктун ашкере ачкөздүгүнө жеткендери аз келгенсип, өзгөчө сот тармактагылардын мыйзамды аттап, өздөрүн-өздөрү билип, өтүгүн төргө илип жатса, башкы прокуратура тармагынын билмексенге, укмаксанга салып, өлүмүш болушу биргелешип чырмалышкан коррупциялык ыплас иштерди атайылап кыянат жасоо кесепетинен эл шайлаган президент Сооронбай Шариповичтин ишмердигине шек келтирилип, туруксуздукту жаратууга аракеттери (!) деп балайм.

 Бир акылман “курулай азгырык даңкка бөлөп, бир кумалак бир карын майды чириткендей”, дүйнө жүзүнө ашынган ачкөздүк өзгөрүү алып келип, миллиондогон жаштарыбызды көрокаттын айынан дүйнө жүзүнө темселетсе, КР башына келген кеменгер акылман президент эл, улут ынтымагы менен бирге миллиондогон балдар-кыздарыбыздын ашынган жемкорлуктан жаралган теңсиздиктин айынан дүйнө жүзүнө тарагандарды ата конушубузга кайрып, таза мамлекет орнотуп, урпактарыбызга түбөлүккө мураска калар, ааламга жаратылыш керемет сырындай үлгүлүү, туруктуу өзгөрүш жаратсак болот. Ошондуктан, президент баштаган коррупцияга каршы эч аёосуз күрөштү жеңүүгө, элибиз менен бирге таза коом жаратууга, зор өзгөрүштөргө чечкиндүү баруубуз – учурдун талабы катары алдыңыздарга ачык-айкын сунуштарды өзгөчө көңүл бурууңуздарга коём.

Биринчи: Кыргыз эли эгемендиктин ээси жана мамлекет бийлигинин бирден-бир булагы болуп таанылгандыктан, КРнын 44 районунан 44 депутат эл өкүлдөрүнөн шайланып, акысыз иштеп, жалпы элибиздин кызыкчылыгын коргоп, президенттин толук командасынын ишмердигин төрт айда бир жолу атайын чогулуп келип Конституция палатасы менен көзөмөлдөп туруучу эң жогорку эл өкүлдөр палатасы катары таанылуусу туура деп эсептейм (көзөмөлдөөгө келишкенде жатаканага, жол кире, тамак-ашына ж.б. керектөөгө төлөнүш керек).

Экинчи: КРда жалгыз жоопкерчиликтүү президент бийлигин орнотуу, 7-9 жылдык мөөнөткө, баардык бийлик бутактарына өзүнүн тандаган командасын жоопкерчиликтүү иштерди аткаруу үчүн КР Жогорку Кеңешине, мыйзам чыгаруу палатасына жети дубандан 7 депутат, Бишкек шаарынан 2 депутат жана Чүй облусунан дагы 1 кошумча депутат, Ош облусунан дагы 1 кошумча депутат болуп, баардыгы 11 депутат (ар бир депутат тандалма 2 юристтен жана бирден тандалма экономисттер, баардыгы 22 юрист, 11 экономист) депутаттар кошулганда 44 ишмер жана сот, прокуратура-көзөмөлдөө, тергөө тармактары, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик бутактарынын башчыларына чейин жоопкерчиликтүү командасын 7 жыл милдеттерин аткарып, мөөнөтү бүткөндө өз командасы менен президенттик кызматын тапшыруу керек. Эл өкүлдөр палатасынын көзөмөлү астында КРнын түбөлүктүү кызыкчылыгын жүзөгө ашырар эле.

Үчүнчү: Эл ишенимин актабаса, оор жазаларды колдонууга президент баш болгон жооптуу кызматчылар командасына өзүнчө кылмыш-жаза кодекси кабыл алынышын ылайыктуу катары эсептейм. Жогоруда көтөрүлгөн демилге КРнын баардык райондорундагы массалык маалымат каражаттарына толук жарыяланып, талкууланып, толукталып, Конституцияны акылдын кенчи элде болгондуктан, өзгөртүүгө, толуктоого атайын референдум өткөрүлүшүнө талап коём. Ашынган ачкөздүк, жемкорлуктан арылуунун бирден-бир жолу – кадырлуу мекендештер, сунушумду туура көрсөңүздөр, келечегибиз үчүн колдоп берүүнүздөрдү өтүнөм. 


Байтик ДАВЛЕТАЛИЕВ, 

Тел.: 0557-94-91-15, 0708-94-91-15 

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер