Полковник Улан Айтбаев пиар кылбай эле тоодой иштерди бүтүрүүдө


Аз күн мурда ИИМ тарабынан транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 7 кызматкери коррупция боюнча кармалышты. Алар Бишкек-Ош жолундагы жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан 5000 миң сомго чейин алып турушкан. Күн сайын 200дөй машина өтсө, көмүскөдөн канча табышарын элестетип көргүлө. Паракорлор тийешелүү эрежелерге көз жумушуп, бир гана акчанын артынан түшүп алышканы жашыруун эмес эле. Мындай кыңыр ишти ачууда ГУУРдун начальниги Улан Айтбаев башында турганы айтылды. Башка кесиптештеринен айырмаланып, полковник мырза өзүн пиар кылбай эле тоодой иштерди бүтүрүп жатканы кубандырат. Системага реформа жүргүзүп, кылмыштуулук менен профессионалдуу деңгээлде күрөшүүсү көңүлгө толууда. ИИМдин ийгилик жаратуусуна, өнүгүүсүнө Улан Айтбаевдин салымын коллегалары бекер жерден макташпаса керек...











