Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кемпир-Абаддын аркасы менен камакка алынгандардын жакындары эмне дейт?

Кемпир-Абаддын аркасы менен камакка алынгандардын жакындары эмне дейт?

05-ноябрь, 12:00
557 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эки айга камакка алынгандардын арасында саясатчылар, журналисттер, активисттер бар. Биз алардын жакындарынан ар жума сайын пикир алып, гезит бетине чагылдырып турмакчыбыз. Бул саам Мамбетжунус агабыздын байбичеси Дамира Акматованын, Равшан Жээнбековдун уулу Азаттын жана Бектур Асановдун жубайы Алтын Эркебаеванын сөздөрүн угуп көрдүк.  

Дамира Акматова, Мамбетжунус Абыловдун байбичеси:

-- Биздин үйдү тинтишти. Тергөөчү “мыйзамга каршы, туура эмес эч буюм табылган жок. Эч нерсе алынбады” деп протокол жазып, ага кол койдуруп кетти. Көчүрмөсүн беришкен жок. Мен сүрөткө тартып алдым. Байкеңер ошол күнү үйдө жок болчу. Эртеси “менин үйүмдү тинтүү кылышыптыр” деп пресс-конференция берип, тергөөчү менен сүйлөшүп, “мен каягыңарга барайын, жылуу кийим аламбы?” дегиче тигилер келип калышты. Мен чай бергенге да үлгүргөн жокмун. “Мен сиздерге айтпадым беле, өзүм барам. Эмнеге келдиңиздер?” деп сумкасын алып машинеге түшүп, жакшынакай эле алып кетишти. Өтө коркунучтуу кылмышкерге келгендей төрт машине менен келишиптир. Ошондон кийин байкеңерге жолуга элекмин, жактоочусу кирип-чыгып атат. Кечээ түштөн кийин №1 убактылуу кармоочу жайга которушуптур. Бу жерде эч бир кабатыр болгон жокмун. Мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон адам эмеспи. “Кемпир-Абад жери берилип калбасын, шашпайлы, мониторинг кылалы, жарым же бир жыл коё туралы” деген аксакалдык сөзүн айтып атты. Булар  мыйзамга каршы жаман сөз сүйлөшкөн жок. А баса, сотунда болдум. Баш коргоо чарасында жактоочубуз “бу киши эл үчүн кызмат кылган адам. Бир нече мамлекеттик сыйлыктары бар. Эл катары жупуну үйдө турат. 68 жашта. Азыр эле кан басымы көтөрүлүп, 190 болуп, ысык укол алды. Жашы улгайган адамды үй камагына чыгарып бериңиздер” деп суранды. Сот болбогон бир себепти айтып, “Мамбетжунус Абылов саламаттык сактоо мекемесинде учетто жок экен. 20-декабрга чейин камоого алынсын” деп койду. 

Азат Равшан, Равшан Жээнбековдун уулу:

-- Атам Кемпир-Абадды коргоо комитетинде мүчө болгону үчүн эле камалды. Мындан сырткары, Кой-Таш окуясынын соту ар жуманын дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү болуп атпайбы. Атамды ошол жерден көрүп, акыбалын сурап турам. Бүгүн ооруп калыптыр. Сурасам, “сыз өтүп калгангабы, тамагым катуу ооруп калыптыр” деди. 

Алтын Эркебаева, Бектур Асановдун жубайы:

-- Азырынча байланыш жок. Жактоочулар эле кирип-чыгып атышат. Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөсү болуп жыйынга катышканы үчүн эле камап коюшту. Баарыныкы окшош, бир эле статья. “Кийинки жумада соту болот экен” деп айтышкандай болду, бирок чын-бышыгы азырынча белгисиз. 



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер