Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жакында коронавирустун оор жана орто түрлөрүнө чалдыккандардын саны көбөйөт

Жакында коронавирустун оор жана орто түрлөрүнө чалдыккандардын саны көбөйөт

16-октябрь, 13:00
1 090 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Элге жана саясый партиялардын лидерлерине кайрылуу! 

Азыр жашоону жакшыртуунун оор жолу күтүп турат. Ошол эле учурда COVID эпидемиясы күч алууда. Күз, респиратордук оорулардын көбөйүшү, адамдардын массалык чогулуштары, митингдер COVIDдин жайылышы үчүн өтө кооптуу эпидемиологиялык кырдаалды түздү. 

Эгерде 2020-жылдын июнь-июль айларында ири шаарлардын жашоочулары, көп сандаган социалдык байланыштары бар жарандар болсо, азыр айыл чарба иштеринин аякташы, айылдардан шаарларга жарандардын массалык келиши коронавирус инфекциясынын кеңири жайылышына жол ачат. Жакынкы мезгилде стационардык жардамга муктаж болгон, коронавируска чалдыккан орто жана оор формалары менен ооругандардын саны ар тараптуу көбөйөт. Бишкек жана Ош шаарларына караганда республиканын аймактарында ашыкча оорчулук жаралат. Июль айындагыдай эле ооруган адамдарга ооруканаларда орун жетишпейт, калк  каражаттын тартыштыгынан керектүү дары-дармектерди сатып ала албай калышат. Бул өлүмдүн көбөйүшүнө жана андан кийин калктын майып болушуна алып келиши мүмкүн. Жарандардын кыйла бөлүгүнүн ден соолугу коркунучта болот. Өлкөдөгү экономикалык жана саясый кризистин, мамлекеттик бюджетте каражаттын жетишсиздигинен, мамлекеттик органдардын курамын жаңыртуунун фонунда мындай кырдаал өлкөнүн турмушун кыйроого алып келиши мүмкүн. Бирок, жакындарыбыздын өмүрүн жана ден соолугун сактап калуунун жолун тапса болот. Анүчүн:

-- керектүү дары-дармектерди сатып алууга, дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын запастарын түзүүгө жетиштүү мамлекеттик каражаттарды өз убагында бөлүп берүү, дары-дармектерди сатып алуу жана бөлүштүрүү боюнча баардык иш-чаралардын өз убагында аткарылышын катуу көзөмөлдөө;

-- COVID эпидемияга каршы күрөшүү штабын түзүү жана эпидемияга каршы күрөшүү боюнча баардык иш-чаралардын аткарылышын катуу көзөмөлдөөнү камсыз кылуу. Биринчи кезекте COVID бейтаптары үчүн керебеттерди даярдоодо, адистерди окутууда, медициналык адистерге төлөмдөрдү жүргүзүүдө жана керектүү нерселерди камсыз кылууда шашылуу зарыл;

-- дарыланууга муктаж болгондорду ооруканага жаткыруунун ачык-айкын жол-жоболорун киргизүү;

-- дүйнөлүк медицинанын мыкты жетишкендиктерин камсыз кылган заманбап дарылоо протоколдорун кабыл алуу;

-- социалдык аралыкты камсыздоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, анын ичинде экономикалык иштин айрым түрлөрүнүн иштешине чектөөлөрдү киргизүү. Бул абалдан чыгууга көмөк болот. 


Айбар Султангазиев, "Партнердук тармак" ассоциациясынын директору 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер