Шумкарбек Адилбек уулу: “Кыргызстанда товарларды онлайн түрүндө экспорттоого толук мүмкүнчүлүктөр бар”


Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин мурдагы директору менен маек.
-- Бизде онлайн түрүндө экспортко чыгуунун жолдору барбы?
-- Кыргызстанда санарип же онлайн түрүндө товарларды экспорттоого толук мүмкүнчүлүктөр бар жана буга чейин эле аларга шарт түзүлгөн. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, инвестицияларды илгерилетүү агенттигинде экспортту сыртка чыгарууда, онлайн түрүндө каттоодо укугу бар мамлекетпиз. Аталган ишкана онлайн түрүндө экспортко дайындоодо каттоо жүргүзө турган атайын система.
Биз көнүп калган “Али-Баба” “eBay” ж.б. электрондук сатуу сыяктуу ири платформалар Кыргызстанда пайда боло элек. Өлкө ичинде белгилүү 3-4 платформа бар. Булардын элге кеңири жайылышы үчүн эң биринчи логистикалык маселе чечилиши зарыл. Мындайча айтканда, жеткирүү маселеси. Качан гана бизде жеткирүү маселеси чечилгенде, Кыргызстандагы электрондук платформалардын таанымалдуулугу күчөйт.
-- Үй-бүлөлүк финансылык башаламандыкты туура ыкка келтирүү боюнча бизде кандай иштерди жүргүзсөк болот?
-- Финансылык сабаттуулук, үй-бүлөдөгү каражатты туура пайдалануу, акчаларды туура сарптоо, үй-бүлөдөгү финансылык башаламандыктан арылуу же болбосо башаламандыкка жеткирбөө бүгүнкү күндө олуттуу маселе экен. Бул боюнча колдон келсе мамлекет мектеп курактан баштап окутушу керек. Себеби, качан гана биздин жаш муундар ушул маселени так, туура түшүнсө, ата-энелери да алгылыктуу кабылдашса, эң биринчиден, “үй-бүлөдөгү акча кайдан келип, кайда кетип жатат?” деген маселе чечилет. Үй-бүлөдөгү акчаны коротуу, бюджетти башкаруунун чечүү жолдорун жөнөкөй жарандарыбызга, өсүп келе жаткан жаштарыбызга окутуу зарыл. Башка өлкөлөрдө бул кеңири таралып келет.
Финансы маселесинен көпчүлүк маселелер туунду катары болуп чыгат. Социалдык, психологиялык, экономикалык ж.б. маселелер. Муну базалык нерсе катары окуп билишибиз зарыл. Азыр жеке жана эл аралык тараптар өздөрүнүн аракеттерин жасап келишет. Ар кайсы өкүлдөр, ар кайсы ишканалар өздөрүнө керектүү багытта гана талдап, сунуштап койгон учурлар да кезигет. Кээ бир учурда Улуттук банк же башка коммерциялык банктар кредитти алуу жана кредитти жабуу багытында талдап коюшат. Ошон үчүн мамлекет өзүнө керектүү жалпыланган базистик программа жасап, мектептерге берип, коомду тарбияласа абдан сонун жыйынтык болот.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити











