Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Россиянын колдоосу болбосо, Кыргызстандын келечегин элестетүү кыйын”

“Россиянын колдоосу болбосо, Кыргызстандын келечегин элестетүү кыйын”

04-сентябрь, 12:30
1 870 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Россиянын колдоосу болбосо, Кыргызстандын келечегин кандай элестетесиз? Эң башкысы, экономикалык, коопсуздук жактан көйгөйлөрдү кантип чечебиз?” деген собол таштадык. 

Эрлан Жамгырчиев, коомдук ишмер:

-- Коңшу зор өлкөдө улут азчылыктары кайра тарбияланып, канатташ жашаган өлкөлөрдүн тилдеш, диндеш туугандары Ооганда талибдердин бийлигинде калганы – азыркы абалыбыздын чындыгы. Жаңы тарыхыбызда кылымдап чогуу бир өлкөдө жашап келген Россия менен бекем достукта болуу – учурдун талабы. Удургуган заманыбызда көнгөн Россияны тирек кылсак, келечегибиз кенен болот! Кыргыздын төрттөн бири ошол жакта миграцияда, жарым миллиондой кандаштарыбыз орус жарандыгын алышкан. “Эй Росия, Россия, бир боор энем, /Мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен. /Чын сөздү туура айтуудан таймана албайм, /Биз элбиз, биз кишибиз сени менен!” деген Алыкул Осмоновдун сөздөрү дагы деле заманга туура келип тургансыйт.

Клара Ажибекова, коммунист, коомдук ишмер:

-- Россиянын колдоосу болбосо, Кыргызстандын келечегин элестетүү чынында кыйын. Нечендеген кылымдар бою бир туугандай болуп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келишет, бул эмне калппы? Оорубузду колдон, жеңилибизди жерден алып келбедиби, же андай эмеспи? Бизди ушу цивилизацияга жеткирген орустар болду. Албетте, аздыр-көптүр кемчиликтери болбой койгон жок. Эң башкысы, коопсуздук, экономикалык маселе боюнча сөзсүз Россия менен бирге болушубуз керек! Бир жарым миллионго жакындап калган жаштарыбызды таштап коёлубу? Алар Россияда өзүнүн үй-бүлөсүн багып, ал жерден акча салып, оор турмушту башынан өткөрүп атышат да! 

Азиза Абдрасулова, укук коргоочу:

-- Баардык эле мамлекеттерде, алардын ичинен күчтүүбү же алсызбы – өзүнүн кызыкчылыгы болот. Россиянын Кыргызстанга карата да кызыкчылыгы бар. Биринчиси, геополитика боюнча. Кыргызстандын жеринин жайгашышы. Кыргызстан Россия үчүн башкарууга оңой, жетегине баш ийет. Россия каалагандай калчап турат. Албетте, Борбор Азияда үч чоң мамлекеттин таасири бар. Ошол эле Россиянын, Кытайдын жана Американын. Анан бизге тандоо кылып, “кимисине ыктайсың?” дегенде айлабыз жок Россияны тандайбыз. Анткени, аздыр-көптүр эки кылымдан ашык тарыхыбыз бир. Америка, Кытай тилдерине караганда орустун тили бизге жатык. Ал эми экономикалык жактан алып караганда да Кытай же Америкага агылган кыргыздардын санынан Россияга кеткендер басымдуу. Бул жагы бар. Мени өкүндүргөн бир жагдай: биз ички саясатыбызга кириштирип коюп атабыз. Мыйзам жазууда, шайлоолорду өткөрүүдө, бийлик конституциялык жол менен эмес төңкөрүш жолу менен алмашканда сөзсүз түрдө сырттан таасири болуп атат. Биз канчалык экономикалык жактан көз каранды болуп келсек да, саясый жактан көз каранды болбой эле койсок (!) деп айтаар элем.

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер:

-- Россиянын колдоосу же колдобой коюшу Кыргызстандын тагдырын чечпейт, гимнибизде айтылгандай, өз тагдырыбыз өзүбүздүн колубузда. Кожоюну жем берсе жашап, бербесе кырылып калгандай кыргыз эли бакма куш эмес. Кыргыздар эзелтеден Ала-Тоонун эркин бүркүтү болуп жашап келген, ошондуктан ары-бери кылчактап, “тиги жардам берет, бул жардам берет” деп кол караганды токтотуубуз абзел! Өзүбүздү багууга аракет кылып, коопсуздугубузду өзүбүз камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Башкысы, биримдик, ынтымак, талыкпас мээнет керек. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер