Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат ИСРАИЛОВ, ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы, милициянын подполковниги: “Аппараттык-программалык комплекстер коюлган жерлерде жол эрежесин бузуулар азаюуда”

Азамат ИСРАИЛОВ, ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы, милициянын подполковниги: “Аппараттык-программалык комплекстер коюлган жерлерде жол эрежесин бузуулар азаюуда”

14-октябрь, 10:31
654 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жолдош подполковник, статкомдун маалыматы боюнча быйыл жети айда эле 402 адам жол кырсыгынан каза болуптур. Бул өткөн айдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,9 пайызга көп экен. Мунун себеби эмнеде?

-- Өзүңөргө белгилүү, жаңы жылдан баштап жаңы нормалар кирди. Азыр бүт кылмыштар, окуялар ЕРППга катталат. Мурда жол эрежелеринин каттоо тартиби бар болчу. Жаңы жылдан тарта ал башкача болуп калды. Мурда жеңил жаракат алгандар, айталы, бир жери сыйрылып, же көгөрүп калгандар, “тез жардам” кызматы келип көрүп, кетирип ийгендер жаракат алгандардын санына кирчү эмес.  Азыр болсо бүт баары кирет. Эми автокырсыктан көз жумгандар боюнча айта турган болсок, жаңы мыйзамдар күчүнө кирген соң 1-январдан 3-мартка чейин жалаң түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. 4-марттан баштап иштей баштадык. Эки айдын ичинде каза болгондордун саны 45 пайызга өсүп кеткен. Биз иш жүргүзүп, каза болгондордун саны айдан айга азайып баратат. Бирок, акыркы 15 жылдын анализин карасак, былтыр жана быйыл каза болгондордун саны салыштырмалуу аз. “Коопсуз шаар” программасы иштей баштаган соң Бишкек шаары менен Чүй облусунда аппараттык-программалык комплекстер коюлган жерлерде жол эрежесин бузуулар азаюуда. Чүй облусунда трассалардын баарына ылдамдык чектери коюлду. Жүргүнчүлөр акырын айдап, ылдамдык азайган сайын жол кырсыктары да азаюуда. Ал эми алар жок жерде жол кырсыктары да, каза болгондордун саны да көбүрөөк. 

-- Жакында эле өкмөт өз токтому менен сиздерден эки функцияны алып салбадыбы. Бул өзгөрүү кызматкерлер үчүн жакшы болдубу?

-- Алар бизге тийешелүү эмес функциялар болчу. Транспорт салыгы төлөнгөн-төлөнбөгөнүн, ыктыярдуу патенти барбы-жокпу, аны салык инспекциясы текшериши керек. Страховый полюсу бар-жогун текшерүү да бизге, жол кыймылынын коопсуздугуна тийешелүү жумуш эмес. Мас абалда рулга отурса,  унааны айдоочулук укугу жок айдаса, жол эрежесин бузса – биз ушуларды көзөмөлдөйбүз. Андыктан, бизге тийешеси жок функциялардын алынып салынганы туура эле болду. 

-- Патрулдук милицияга конкурс жүрүп жатпады беле, сынак бүттүбү?

-- Азыркы учурда экинчи этаптагы 235 курсант окууга кетти. Биринчи конкурс боюнча 261 курсант академиядан окууну бүтүп, азыр стажировкадан өтүшүүдө. Участокторду көрсөтүп, участоктордун мүнөздөмөсү кандай экенин, ким менен кандай иштөөнү үйрөтүп жатабыз. 

-- 261 адамдын баары жаңы кишилерби, же мурдатан иштегендер да барбы?

-- Бул ачык конкурс болгондон кийин ага карапайым жарандар да, биздин кызматкерлер да, башка кызматтардын өкүлдөрү да катыша алышат. МАИден 30-40 пайыз кирсе, 60-70 пайызы башка кызматтардан же жарандардын катарынан алынууда. 


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер