Акылбек Түмөнбаевдин аркасы менен Улан Ниязбеков министр болдубу?
Эсеп палатасынын аудитору Акылбек Түмөнбаев “Ата Мекен” партиясынан өткөн парламенттик шайлоодо 6-тизмеде аттанган. Бир тууганы Турусбек Түмөнбаев мамкаттоонун “Унаа” ишканасына жетекчи болуп, жакында эле барган. Булар Садыр Жапаровдун кудасы болушат... Маселенин тереңине эми келели. ИИМдин мурдагы 7-башкармалыгынын начальниги Улан Ниязбеков кантип министр болуп калды? Биз иликтөө жүргүзүп көрдүк. Акылбек Түмөнбаев 2005-2008-жылдары финполдо кызматкер катары иштеп жүргөндө, Улан Ниязбеков анын шопуру катары жан багып, “пахта коюп” жүргөнү ыраспы? Эми амалкөйлүгүн карабайсыңбы, бир кездеги шефин колго алыптыр да. Кудасын кыя албаган Садыр Жапаровдун ишенимине кирүү менен Улан Ниязбеков ИИМди жетектеп отуруп калды. Артында канчалаган шек жараткан иштери “шишип” турат? Шибеге сайсаң бетиңе чачылчудай болуп...
"Азия Ньюс" гезити