“Адамдын жашоосу көз жаш менен эмес, үмүт аркылуу ченелет”


Күндөрдүн биринде 15 жаштагы кыздын оор тагдыры бүтүндөй дүйнөнүн жүрөгүн дирилдетет (!) деп эч ким ойлогон эмес. Ая Кито аттуу жапон кызы башынан кечирген оору, кайгы жана ошол эле учурда жашоого болгон үмүтү миллиондогон адамдардын көз жашын төгүүгө себеп болду.
Аянын өмүрү кадимки эле мектеп окуучусунукудай башталган. Ал активдүү, акылдуу, мээримдүү кыз эле. Бирок жашоонун азаптуу жолу аны башка нукка бурду. Дарыгерлер ага спиноцеребеллярдык атаксия деген айыккыс диагноз коюшат. Бул дарт адамдын кыймыл-аракеттерин башкарган нерв системасын бара-бара иштен чыгармакчы. Башында жөн гана тең салмактуулугун жоготуп, баса албай калат. Убакыт өткөн сайын сүйлөө, кыймылдоо жана өз алдынча жашоо мүмкүнчүлүктөрүн жоготот.
Ая ооруп калган күндөн баштап күндөлүк жазууну уланта берет. Алектенгени ушул. Ал күндөлүккө өзүнүн ичиндеги сезимдерди, кайгы-кубанычтарын, оорунун кантип өнүгүп жатканын, жашоого карата күрөшүн түшүрөт. Жазгандары жөнөкөй, бирок абдан чынчыл, жүрөктөн чыккан сөздөр эле. Анын ар бир сабында жашоону терең сүйүү, үмүт жана кайрат камтылган. “Мен ыйлагым келбейт, бирок денем үнүмдү укпай калды. Дагы жашагым келет…” деген саптары миңдеген окурмандардын жүрөгүн тешип өткөн.
Ая Кито жазган күндөлүк 1986-жылы «Бир литр көз жаш» деген ат менен китеп болуп жарык көргөн. Кийинчерээк бул чыгарма Жапонияда популярдуу драмалык сериал катары тартылып, дүйнө жүзүнө тарайт. Сериал да, китеп дагы бирдей таасир калтырган, айрыкча жаштар арасында таанылган. Алар Аянын образы аркылуу жашоонун баалуулугун, ден соолуктун баркын түшүнүшкөн. Бул чыгарма жөн гана кайгылуу тагдыр тууралуу эмес, адамдык рухтун күчүн чагылдырууга жетишет. Денеси күн сайын алсызданып жатса да, Аянын жаңы ойлору, үмүтү күчтүү бойдон калган. Анын башынан кечиргендери миңдеген оорукчан адамдарга, аларды колдоп жаткан үй-бүлөлөргө, жалпы коомго чоң сабак болду.
“Адамдын жашоосу көз жаш менен эмес, үмүт аркылуу ченелет” деген ойду бул чыгарма ачык далилдейт. «Бир литр көз жаш» – бул көздөн аккан жаш эмес, жүрөктөн чыккан жарык. Ал чыгарма жашоого болгон ыраазычылыктын, кайратмандыктын жана адамгерчиликтин тирүү символу.
"Азия Ньюс" гезити











